Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Ө. Текебаев: “Эл мамлекеттик системаны өзгөртүү үчүн ыңкылапка чыккан”


БИШКЕК. Кыргызстанда март айында болгон окуялар башкаруунун авторитардык системасын жойуу жана чыныгы демократиялык өлкөнү куруу максатын койгон. Эл өлкөдөгү коомдук-саясий системаны өзгөртүү үчүн көтөрүлгөн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев АКШ Мамлекеттик катчысы коомчулук өкүлдөрү менен жолугушкан жыйында айтты. Өмүрбек Текебаев ошондой эле Конституциялык реформанын башкы максаты - бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды тең бөлүштүрүү экендигин белгиледи. Төрага Кыргызстанда бийликтин бир адамдын, же бийлик бутактарынын биринде топтолуп калышы кайрадан эле саясий жана экономикалык монополияга алып келиши толук ыктымал деген пикирин да айтты. Ал ошондой эле АКШ көп жылдардан бери Кыргызстанга демократиялык коомду курууга жардам көрсөтүп келгендигин белгилеп, мындан ары да АКШнын өкмөтү өлкөдө саясий, экономикалык жана идеологиялык атаандаштыкты камсыз кылууга колдоо көрсөтөөрүнө ишеним бар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG