Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

Данияр Үсөнөв вице-премьер-министрликке көрсөтүлөт


БИШКЕК. Жакынкы күндөрү президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин кароосуна Данияр Үсөновдун биринчи вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралуу 11-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын маалыматы боюнча, парламенттин 40 депутаты биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Данияр Үсөнөвдун талапкерлиги көрсөтүлсүн деген кайрылууну президентке жолдошту. 10-октябрда президенттин жардыгы менен Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин да анын талапкерлиги биринчи-вице-премьер-министрликке көрсөтүлүп, бирок президент анын талапкерлигин бул орунга чогуу көрсөтүлгөн Медет Керимкулов жана Жантөрө Сатыбалдыевдин талапкерлиги менен кошо кайра чакырттырып алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG