Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Кондолиза Райс Феликс Кулов менен жолукту


БИШКЕК. Ушул эле күнү түштөн кийин АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкенге караганда, анда саясий, экономикалык жана башка тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтууга байланышкан маселелер талкууланды. Өкмөт башчы Феликс Кулов Кондолиза Райска өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берип, бийлик коррупцияга каршы күрөшүүгө өзгөчө басым жасап, бул максатта коррупцияга каршы орган түзүү пландаштырылып жатканын айтып өттү. Кондолиза Райс болсо, март ыңкылабынан кийин эл жаңы бийликтин ишинин натыйжасын күтүп жатканын айтып, алдыда Конституциялык реформаны аягына чыгаруу, коррупция менен күрөшүү сыяктуу албан иштер турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG