Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

КОНДОЛИЗА РАЙС: «ӨЗБЕКСТАН ӨЗҮНӨ АЛГАН МИЛДЕТТЕРИН АТКАРБАЙ ЖАТАТ»


Кубат Оторбаев, "Азаттык", Султан Жумагулов, BBC 11-октябрда Бишкекте бир күндүк иш сапары менен болгон АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс «Азаттыктын» кабарчысы Кубат Оторбаевге жана ВВСнин кыргыз кызматынын кабарчысы Султан Жумагуловго чакан интервью берди. Кондолиза Райстын айтымында Ганси атындагы авиабаза Ооганстанда абал биротоло турукташканга чейин Кыргызстанда болмокчу. АКШнын мамлекеттик катчысы ошондой эле Өзбекстан дүйнө коомчулугу алдында алган милдеттемелерин аткарбай, көп досторунан ажырап жаткандыгын белгиледи. Эмесе интервьюга кулак төшөйлү. Кондолиза Райс менен интервью «Азаттыктын» кабарчысы Кубат Оторбаевдин суроосу менен башталат.

- Урматтуу мамлекеттик катчы, Кыргызстанга кош келипсиз. Менин эки суроом бар. Биринчиси, Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн Астанадагы жыйынында Борбор Азиядагы базалардын чыгуу мөөнөтүн тактоо маселесин көтөрдү. Ага жооп катары Америка Кошмо Штаттарынын администрациясы өзүнүн базаларын Ооганстандагы абал турукташмайынча алып кетпейт деген жообун айтты. Сиздин оюңузча, Ооганстандагы абал качан турукташышы мүмкүн? Эгер Ооганстандагы абал турукташса Борбор Азиядагы авиабазалар, анын ичинде Ганси атындагы авиабазанын мындан аркы тагдыры кандай болот? Ушуга улай эле бир суроо Кыргызстандын жаңы бийлиги Ганси атындагы авиабазасы үчүн аренда акысын көтөрүүнү сунуш кылды эле. Ушул маселе кандай болуп атат?

- Биз бүгүн Бакиев мырза менен бул жана башка маселелер тууралуу сүйлөштүк. Бул жерде эң негизги белгилеп кете турган нерсе, биздин күчтөрдүн бул жерде турушу түбөлүктүү эмес экендигин экөөбүз тең аныктадык. Бул жерде биз өнөктөштүктө эл аралык күчтөр менен бирдикте Ооганстандагы терроризмге каршы согуштун гана артынан "Манас" аба майданындагы база иштеп турат. Дагы айтып кете турган нерсе, ушул согуш аягына чыкканда гана биз өз күчтөрүбүздү алып чыгып кетебиз деп белгилеп кетер элем. АКШ жана Кыргызстан бири-биринин ортосундагы мындай маселелерди дайым талкуу аркылуу чечүүгө даяр. Андан сырткары дагы бул иштин ак ниет экендигине, жакшылыкка алып бара тургандыгына терең ишенебиз. Мындан тышкары биз бир топ техникалык маселелер боюнча дагы сүйлөштүк. Менимче, бул кызматташуу эки тарапка тең өз пайдасын алып келе турган кызматташуу деп айтсак болот.

- Урматтуу мамлекеттик катчы, өзбек бийликтери өз аймагынан эл аралык антитеррордук күчтөрдү чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Ушул жагдайда ошол күчтөрдүн бир бөлүгү "Манастагы" Ганси атындагы базага келип калышы мүмкүнбү?

- Америка Кошмо Штаттары менин ишеничимде, азыркы болгон согуш күчтөрү жана аларды кармап турган базалардын күчтөрү менен өзүнүн мындан кийинки дагы операцияларын жүргүзүүгө толук абалы бар, жакшы абалда. Азыркы күчтөрдүн жайланышы бизди толук канааттандырат. Андан сырткары, биз сиз айтып кеткен окуялардан кийин дагы мүмкүн болушунча башка өлкөлөрдүн аймагынын үстүнөн учуп өтүүгө уруксат алууга аракет кылдык, бул маселелер боюнча дагы жакшы чечимдерге келдик деп айта алам.

- Кыргызстан өзбек качкындарына баш калка берип, үчүнчү өлкөгө чыгарышына шарт түзгөндөн кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле бир топ сууй түшкөнү белгилүү болуп атат. Ал турсун эл аралык эксперттер Өзбекстан тараптан Кыргызстанга кысым көрсөтүлүп жатканы жөнүндө айтылып атат. Ханабаддагы базанын дагы бир бөлүгүн Кыргызстанга жайгаштырган күнү бул мамиле таптакыр бузулууга алып келет деген божомол бар. Кыргызстандын коңшулар менен оор жагдайы Американын тышкы саясатында эске алынып жатабы?

- Өзүнө алган эл аралык милдеттерди аткаруу - бул ар бир өлкөнүн милдети деп ойлойм. Өзбекстан өз милдеттерин аткара алган жок. Ошондуктан ал өзүнүн колдоочуларын Америкада дагы, башка эл аралык чөйрөлөрдө да жоготуп жатат. Менин оюмча, бул абалда Кыргызстан жакшыраак абалда турат. Мындан кийин дагы Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан жардамдар келет деп ойлойм. Анын үстүнө Кыргызстан өзүнүн кошуналары менен Өзбекстан, Орусия, Кытай жана башка мамлекеттер менен дайым достук мамилелерде турушун биз дайым колдойбуз. Бул жерде Америка же башка өлкөнүн ортосунда тандоо деген турбайт. Албетте, бардыгыбыз өзүбүздүн регионубузда жакшы мамилелерди колдоого кызыкдарбыз. Ошон үчүн биз эч кандай тандоого милдет койбойбуз.

- Маегиңизге ырахмат!

Тектеш

XS
SM
MD
LG