Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:51

ТӨРАГА ТЕКЕБАЕВ ПАРЛАМЕНТТЕ ТАРТИПТИ КАНТИП ЧЫҢДАЙТ?


Жогорку Кеңеште тартипти чыңдоо максатында «Регламент жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. Мындай пикирин төрага Өмүрбек Текебаев парламенттин бейшембидеги отурумунда билдирди. Мындай көз караштын пайда болушуна Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарына, комитет отурумдарына депутаттардын толук кандуу катышпай жатышы негиз берди.

Жогорку Кеңештин «Регламенти жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, отурумдарга себепсиз катышпай калган депутаттын ар бир күнү үчүн анын айлык акысынан кармалып калышы керек. Жогорку Кеңеште мындай чараларды көрүүнү шарттаган жагдайлар көп болгону менен, буга чейин ушул өңүттө депутаттарга карата кандайдыр бир чара колдонула элек. Тигил же бул депутаттын аты аталган же тизмеси маалымат каражаттарына жарыяланган учурлар жолуга элек.

Мунун себебин депутат Алишер Сабиров парламенттин табияты менен байланыштырат:

- Регламентте чаралар бар. Бирок алар колдонулбайт. Анткени, бизде баш ийүүчүлүк мамиле жок. Бул жерде иш ар бир депутаттын абийирине коюлган.

Депутат Осмонбек Артыкбаевдин көз карашында, депутаттарга элден өткөн көзөмөлчү жок, ошондуктан, элге ушундай мүмкүндүк түзүү зарыл:

- Депутаттар элдин өкүлү да. Ошондуктан, элдин алдында жооп бериши керек. Депутат келип атабы-келбей атабы, эл билип турганда, ошол тартипке алып келе алат деп ойлойм.

Төрага Өмүрбек Текебаев парламенттеги ишти тартипке келтирүүнүн ушул жолун да ойлонуштуруп жатат. Жогорку Кеңеш бир-эки ай аралыгында түз уктуруучу жеке өзүнө таандык радио толкундан берүүлөрдү баштайт. Мындан тышкары төрага айлыктан айып акча кармап калуу тартибин да пайдаланышы ыктымал:

- Андай чара көрүлө элек. Анткени, депутаттардын көбүнө чымын конгончолук да көрүнбөйт да. Бирок бул моралдык жактан катуу болот. Мен кайсы бир күндөрү колдоном деп турам.

Төрага ошондой эле парламентке узак убакыт катышпаган депутаттардын тизмеси бар экендигин билдирип, бирок алар кимдер экендигин ачыктаган жок. Мыйзам боюнча узак мөөнөт отурумга себепсиз катышпаган депутат депутаттык мандатынан ажыратылышы керек. Андай депутаттардын бири катары Айдар Акаев аталып келатат. Акаев депутаттык макамынан башкы прокурордун сунушуна ылайык ажыратылды. Бирок айрым саясатчылар «Регламент жөнүндөгү» мыйзамдын чегинде Айдар Акаевди депутаттык макамдан ажыратпай койгондугу үчүн Жогорку Кеңешти кескин сынга алышкан. Төрага Өмүрбек Текебаев болсо Айдар Акаевге карата бул жобону ишке ашырууга негиз жок болчу дейт:

- Мына мен жеке Айдар Акаевдин парламентке келип катыша албай калган себебин өтө олуттуу себеп деп эсептейм. Мына анын эжеси келип катышам деди эле, аз жерден парламентти талкалап кое жаздашты. Ушуга окшогон өтө татаал саясий кырдаал турганда алардын келип катышышы максатка ылайык эмес деп депутаттар айтышкан. Массалык маалымат каражаттары аркылуу, сессияда айтышкан. Эжеси келгенде да силердин бул жерге келип катышышыңар максатка ылайык эмес деп айтышкан.

Текебаевдин оюнда, аталган жобонун механизмин өзгөртүү зарыл:

- Бирок бул абдан татаал. Ошол шайлоо округундагы шайлоочулардын үчтөн эки бөлүгү макул болуп, чакырып алышы керек. Өзүңүздөр билесиздер, үчтөн эки эмес, 50-60 пайыз депутат араң келет. Алар 100 пайыз добуш бергенде деле депутат депутат бойдон кала берет. Биз ушул механизмди өзгөртүшүбүз керек.

Дегеле төрага парламенттеги тартипти «Регламент жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу жөнгө салуу керек деген ойдо. Сунушта отурум караган тигил же мыйзамга добуш берүүнү депутатка милдеттендирип, ал эми долбоорду талкуулоого эркин катышуу укугун камсыздоо, фракциялардын ордун күчтөндүрүү зарылдыгы айтылат. Төраганын божомолунда, бул Конституциялык реформа аяктагандан кийин көтөрүлө турган маселе.

Мыйзам боюнча парламенттин пленардык жыйындары, комитет отурумдары депутаттардын үчтөн эки бөлүгү катышкан шартта гана иштөө укугуна ээ болот. Кворумду депутаттарга коюлган катаал шарт деп эсептеген айрым депутаттар Конституциялык реформанын жүрүшүндө эле бул маселени батыш тажрыйбасын эске алуу аркылуу жөнгө салууну жакташууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG