Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Белгилүү жазуучу Муктар Борбугуловдун эстелиги ачылды


БИШКЕК. 12-октябрда Аларча көрүстөнүндө Кыргыз эл жазуучусу, Мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор Муктар Борбугуловдун бейитинде эстелиги ачылды. Муктар Борбугулов кыргыз окурмандарына таасын тамсилчи, таанымал адабиятчы, кара сөзчү катары белгилүү болчу. Анын “Элеттик жигит” романы дүйнөнүн бир топ тилдерине которулуп, кыргыз адабиятынын, элдин оозеки чыгармачылыгынын илимий теориялык проблемаларын козгогон эмгектери Москвада, Бишкекте жарыяланып турган. “Улуттук жана интернационалдуулуктун биримдиги” деген эмгеги үчүн СССР жазуучулар союзунун сыйлыгына ээ болгон. Илимпоздун “Адабият теориясы - “Манас” эпосунун башаттары” деген фундаменталдуу эмгектери ушу тапта жогорку окуу жайларында окутулууда. Жалалабат мамлекеттик университетинин эмгек жамааты окуу жайга профессор Борбугуловдун ысымын берүү жөнүндө чечим чыгарышты.

XS
SM
MD
LG