Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

ИРАКТЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ КАЙРА КАРАЛАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ирактын сунни мусулмандарынын Ирак Исламдык партиясы өлкөнүн Конституциясынын долбоорун 15-октябрда референдумга койо турганын жарыялады. Шии, сунни жана күрт партиялары суннилердин проблемаларын келерки парламент талкуулап, Конституцияга тийешелүү оңдоолорду киргизет, ал эми азырынча сунуш этилген Конституциянын долбоорун элдик добушка койуу талапка ылайык деп табышты. Бирок байкоочулардын бир тобу азыркы долбоор толук колдоого ээ болоорунан күмөн санап жатышат. Анткени айрым сунни лидерлер калкты референдумду бойкоттоого чакырышууда. Суннилер өлкө калкынын кеминде 40 пайызын түзүшөт.

Референдумга үч күн калган ушул тапта Ирактын лидерлери сунни арабдарды негизги мыйзамды колдоого көндүрүүнүн айла амалын издеп, далбастап жаткан кези. 11-октябрда болгон талкуулардан кийин саясий партиялар мунасалуу пикирге келген шекилденет. Эң белгилүү сунни уюму - Ирак Исламдык партиясы шии жана күрт партиялары менен Конституция жөнүндө орток пикирге келип, өз тарапкерлерин документти 15-октябрдагы референдумда макулдоого үндөй турганын билдирди.

Буга жооп иретинде жыл соңунда шайлана турган жаңы парламент Конституцияны кайра карап чыгып, суннилердин кызыкчылыгын чагылдырган оңдоолор менен толуктоолорду киргизүүгө тийиш. Ан үчүн парламент Конституциялык комитет түзүп, төрт айдын ичинде суннилерди кызыктырган түзөтүүлөр менен толуктооолорду иштеп чыгат. Болжолдуу киргизиле турган оңдоолор жөнүндө Ирак Ислам партиясынын өкүлү Алдин Накшабанди «Азаттык жана Эркин Европа» радиосунун кабарчысына буларды айтты:

- Федерализм жөнүндө, Ирактагы айырмачылыктар туралуу жана Иракта жашаган улуттар жана араб нациясы жөнүндө жана башка толуктоолор жөнүндө жөнүндө сөз болмокчу. Бул айткандарым негизги толуктоолор гана.

Накшабандинин айтымында, анын партиясы автономия укуктарынын өлкөнүн түндүк чөлкөмдөрүндө жашаган күррттөр менен чектелүүсүн талап кылат:

- Ирак Ислам партиясы федерализмдин күрттөр менен гана чектелүүсүн талап кылат. Ирактын башка региондоруна келгенде Ирак Ислам партиясы федерализмге жол берилүүсүнө каршы. Биз өлкөнүн көптөгөн мамлекеттерге бөлүнүп-жарылып, чачырап кетүүсүн каалабайбыз.

Эсиңиздерге сала кетели, шии лидерлери шиилер отурукташкан борбор жана түштүк чөлкөмдөр өзүн-өзү башкаруу жана бөлүнүп кетүү укугунан каалаган күнү пайдалана алышсын, деп талап кылып келишкен жана бул укук Конституциянын долбоорунда каралды.

Ирак Ислам партиясынын өкүлүнүн айтымында, сунни, шии жана күрт лидерлердин орток пикирге келүүсүнө АКШнын күрттөр менен шиилерди кысмакка алуусу себеп болду. Болбосо алар Конституциянын долбоорун жыл соңунда шайлана турган жаңы парламентте кайра карап чыгып, негизги мыйзамды суннилердин кызыкчылыгына ылайыкташтырууга макул болушмак эмес, дейт өкүл.

Айрым эксперттер соодалашуунун ушул тапка чейин созулуп, Конституциянын долбооруна акыркы мүнөттө оңдоолор киргизилип жатканы карапайым ирактыктарды адаштырып, азыр алар эмне үчүн добуш берээрин дааналап билүүсүнө тоскоол боло турганын айтышат. Анткени ушул тапта ирактыктарга таратылып жаткан Конституциянын долбоорунда акыркы толуктоолор эске алынган жок, оңдоолордун мазмуну маалымат каражаттарында референдумдун жуп алдында жарыяланганы турат.

Бирок байкоочулардын көбү мындай толуктоолордун акыркы мүнөттө болсо да киргизилүүсү суннилердин референдумга катышуусун кепилдөө үчүн өтө маанилүү экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG