Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

ХОДОРКОВСКИЙ МЕНЕН ЛЕБЕДЕВ АБАККА АЙДАЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда сегиз жылга кесилген Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин адвокаттары шаршембиде, өз булактарына таянып, ЮКОСтун мурдагы жетекчилерин Чита обулусу менен Ямало-Ненецкий автономиялык округдагы абактарга алып кетишти деген маалымат таркатышкан. Бирок аны (ФСИН) федералдык жазалоону аткартуу кызматы тастыктаган эмес. Андан кийинчереээкте Ходорковский менен Лебедевди Перм колониясынын бирине алып кетиптир деген аңыртты да федералдык жазалоону аткаруу кызматы ырасмий түрдө четке каккан. Ошого карабай бул күндөрү атактуу байларды абакка айдоо болору айтылууда.

Аптанын башында ЮКОСтун мурдагы жетекчилери Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев жаза мөөнөтүн өтөө үчүн Маскөөдөн алынып кетиптир деген кабар таркаган. Бирок аларды кайда алып кеткени так боло элек.

Мурунку аптада Ходорковскийдин адвокаттары Альберт Мкрытчев, Денис Дяглев кенселерин тинтүү жүргүзүлгөн. Алардан тышкары орусиялык прокуратура кишилери ЮКОС менен байланыштыгы бар Орусиянын ичиндеги жана Нидерланддагы фирмалар, уюмдардан документтер чогултулуп, аларды иликтөө иши башталганын айтышууда. Ал тинтүүлөр сот чечими жок жүргүзүлгөн. Ошондон улам, өлкөнүн башкы прокуратурасы Ходорковскийди коргоочуларга кысым жазап аткандай дешет.

Мындай пикирди журналист Анна Плотникова айтат:

- Ходорковский менен Лебедев коргоочуларынын кенселерине тинтүү жүргүзүп Орусия Федерациясынын башкы прокуратурасы аларга кысым көргөзгүсү келет деген пикири бар.

Федералдык жазалоону аткаруу кызматы эки олигархты бир булакка аларды Перм обулуcуна алып кетти десе, экинчи булкка аларды Свердлов обулусуна, үчүнчү булакка Саратов обулусуна алып кетишти деген. ЮКОС менен «Менатеп» мурдагы жетекчилеринин бүлөсүнө болсо Ходорковскийди – Ямало-Ненецкий автономиялуу округга, Лебедевди – Чита обулусуна алып кетишти деген. Бирок аларды да кийин жокко чыгарган.

Айта кете турган жери, Михаил Ходорковский бул күндөрү Маскөөдө өткөнү аткан Мамдумага депутаттык орун үчүн ат салышканы аткан. Бирок шаардык соттун өкүмү райондук соттун өкүмүн бекитип койгондуктан олигархтын ал мүдөөсү ишке ашпай калган.

Канткен менен эки жылча сарыгып «Матросская тишинада» жатышкан ЮКОСтун мурдагы жетекчилеринин абакта болгону өйдө экенин анын адвокаты Юрий Шмидт айтат:

- Албетте, колонияда аларга жеңилирээк болот. Аякта эч болбоду дегенде абактын ичинде ары бери басса болот. Алар буга дейре 20-30 чарчы метр келер бөлмөнүн ичинде эч жакка чыкпай олтуруп келди. Аларды абакта жалпы режимде кармашат. Жылына 6 жолу ар бири төрт саатка созулган жакындары менен жолугушууга уруксат берилет. 4 жолу аялы менен бир нече күнгө атайын бөлмөдө жашап турууга уруксат берилет. Аны «Матросская тишинадагыга» салыштырып болбойт.

Башкы прокуратура өкүлү жазаган билдирүүгө караганда, жакынкы күндөрү Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевге жаңы доо коюлат. Орусиялык саясий борбор анализчиси Александр Павлюктун айтканына караганда:

- Бийлик кандай да болбосун Ходорковскийге дагы эки жыл коштурууга аракет жаcап атат. Андай болгондо ал 2007-2008 жылдары аягында гана абактан чыгат. Президенттик ат салышка ошентип катыша албай калат.

Сегиз жылга кесилсин деген Маскөө шаардык соттун өкүмү сентябр айынын башында чыкса да, атактуу байларды абакка жөнөтүү ушу күнгө дейре болбой келаткан эле.
XS
SM
MD
LG