Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Иракта кечээ жарым жүздөй кишинин өмүрү кыйылды


Өзгөчө Тел-Афар шаарында канбазарда жарылган машинадан отуз киши жайран болду. Багдадда да бир нече жарылуу болуп, он бештей киши кыргын тапты. Ушул эле күнү сүннүлөрдүн негизги партияларынын бири өз тарапкерлерин Конституцияны колдоого чакырмай болду. Шейшемби күнү күрттөрдүн жана шейиттердин өкүлдөрү катышкан үч тараптуу сүйлөшүүдө ушундай мунасага жетишилди. Эгер алдыдагы референдумда Конституция жактырылса, парламент декабрдагы шайлоодон кийин ага жаңы түзөтүүлөрдү киргизе алат. Бирок сүннүлөрдүн көп лидерлери баштагыдай эле жаңы Конституциянын долбооруна каршы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG