Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Бүгүн Кытай экинчи пилоттолгон космос кемесин учурду


Бул ирет 5 күндүк миссияга эки астронавт жөнөтүлдү. Кеменин учурулушу башынан аягына чейин мамлекеттик телеканалдан түз эфирде көрсөтүлдү.

Космодромго барган Кытайдын премьер-министри Вен Жибао мындай деди:

- Кытайдын космос программасы тынчтык максаттарды гана көздөйт. Бул жалпы адамзаттын илимий прогрессине кошкон салымыбыз.

Кытай премьери ошондой эле башка өлкөлөр менен космос тармагында кызматташууга даярбыз, деп билдирди. Эки жыл илгери Кытай Жердин орбитасына алгачкы астронавтын жиберген эле.

XS
SM
MD
LG