Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Вашингтон Иракта жетишилген мунасаны кубаттады


Кечээ сүннү, шейит жана күрт жамааттары конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча макулдашууга жетишкен эле. Конституциялык түзөтүүлөр быйыл декабрдагы шайлоодон кийин талкуулана баштайт. Негизги мыйзамдын долбооруна Ирактын биримдигин кепилдеген жаңы жобо кошумчаланды. Муну сүннүлөр талап кылышкан болчу. Алар түндүктө күрттөрдүн, түштүктө шейиттердин көз карандысыз аймактары түзүлөт деп чочулашкан. Макулдашууга жетишилген соң сүннүлөр өз тарапкерлерин алдыдагы ишембиде референдумга коюлуп жаткан конституциянын долбоорун колдоого чакыра турган болушту. Ушундай чакырык менен жалпы ирактыктарга шейиттердин диний лидери азирети аятолла Али ал-Систани да кайрылды.

XS
SM
MD
LG