Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

ПАКИСТАНДАГЫ ТОО ЖАНЫБАРЛАРЫН КОРГОО АРАКЕТТЕРИ


Нарын АЙЫП, Прага Борбор Азиянын тоолорунда жашаган көптөгөн жаныбарлар Кызыл китепке киргизилип, аларга мергенчилик кылууга тыюу салынганы менен, саны жагынан улам кыскарып баратат. Бирок Пакистандын Торгар тоолорун коргоо уюму көрүп жаткан аракеттер башка кошуна мамлекеттерде дагы колдонулууга арзыйт.

Окумуштуулардын айтымында, Кыргызстандын тоолорунда мурда көп кездешкен илбирстердин саны азыр ондоп гана саналып калды, тоо теке же Марко Полонун саны дагы жыл өткөн сайын кыскарууда. Советтик мезгилде браконьерлерге каршы катуу чаралар көрүлчү, эгемендүүлүк жылдарында болсо өкмөттүн андай аракеттерге каражаты жетишсиз болуп калды.

Индия, Пакистан жана Ооганстандын Памир тоолоруна чектеш аймактарында илгери мархур деп аталган теке да көп болчу, анын мүйүздөрүнүн узундугу бир-бир жарым метирге жетип, эки жакты көздөй буралып өсөт. Кытайда мархурдун мүйүзүнүн бир килограммы бир миң долларга сатылат, анткени эмчи-бакшылар андан атайын дары жасайт. Ошондуктан Индиянын Кашмиринде азыр бир жүз-эки жүз эле теке калды, кошуна Тажикстандын Тоолуу-Бадакшан дубанында болсо, изилдөөчүлөрдүн айтымында, анын саны азыр элүүдөн ашпайт.

Жергиликтүү калк ага негизинен эт үчүн мергенчилик кылат, бирок чет өлкөдөн келген мергенчилер дагы акча төлөп, атып кетет. Пакистандын Белужистан провинциясындагы Торгар тоолорун коргоо уюму болсо, мархурдун таптакыр жоголуп кетпеси үчүн акыркы жылдарда атайын аракеттерди көрө баштады.

Жергиликтүү калк ал текени "Сулайман мархур" деп атайт жана ал негизинен Торгар тоолорунда кездешет. Уюм 1985-жылы негизделген жана анын төрагасы Насер Тариндин айтымында, мындан 20 жыл мурда Белужистанда жүзгө жакын гана мархур калган болсо, азыр алардын саны эки миңге чейин көбөйдү:

- Бул жаныбарлардын саны чындап эле азайып бараткан жана аны негизинен жергиликтүү мергенчилер атып жок кылчу. Өкмөттүн болсо аны коргоого каражаты жектишсиз болчу. Ошондуктан биздин калктын карыялары чогулуп, текенин таптакыр жок болуп кетпеси үчүн биз өзүбүз чара көрүүгө тийишпиз деп чечкен. Ага мергенчилик кылуу бир кыйла кыскартылды, чет өлкөлөрдөн келген мергендердин саны дагы азайды, алардан алынган акча болсо - текени коргоого жумшалып жатат.

Жергиликтүү калктын арасынан атайын мергенчилер тандалып, алар тоолордо күзөт иштерин жүргүзөт, чет жактан келген мергендерге болсо бир жылда беш гана жолу уруксат берилет жана ар бир уруксат үчүн 30 миң доллар алынат. Бул акчанын 20 гана пайызы өкмөткө салык жана башка лицензия катары төгүлүп, калган 80 пайызы жергиликтүү башкаруучулукта калат жана күзөт жүргүзгөндөр да ушул акчадан маяна алат.
XS
SM
MD
LG