Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Мурдагы чукул кырдаалдар министрине кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Кыргызстандын Баш прокуратурасы мурдагы Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашевге кылмыш ишин козгоду. Баш прокурордун орун басары Жумадил Макешовдун «Азаттыктын» кабарчысына 13-октябрда берген маалыматына караганда, Сатылбалды Чырмашевге министр болуп иштеп турганда 5 миллион сом акчаны максатсыз пайдаланган деген айып коюлууда. Ошондой эле Жумадил Макешов мурдагы Баш прокурор Азимбек Бекназаровдун мезгилинде козголгон кылмыш иштердин айрымдары он, жыйырма күндүн ичинде сотко өткөрүлөөрүн кошумчалды. Алардын арасында ал «Рентон груп» ишкана жетекчиси Эдуард Пак жана «Кыргызмунайзаттын» мурдагы башчысы Шалкар Жайсанбаевге каршы козголгон иштерди атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG