Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Терроризмди каржылоого каршы күрөшүү тууралуу мыйзам кабыл алынган жок


БИШКЕК. «Терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана кылмыштуу жол менен табылган акчаларды адалдоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун экинчи окулушу Жогорку Кеңеште колдоо таппай калды. Муну айрым депутаттар мыйзамдын чийки жерлери көп экендиги менен негиздешсе, кээ бирлери инвесторлорду чочутуп алуу ыктымалдыгы барын билдиришти. Ал эми улуттук Банктын төрага орун басары Максат Ишенбаевдин пикиринде, мыйзамдын өлкөдө кабыл алынбай калышы терроризмди каржылоого каршы күрөш жүргүзгөн ФАТФ өндүү эл аралык көзөмөлдөөчү уюмдардын тизмесине кирүү ыктымалдыгын шарттайт. Буга чейин мындай тизмеге мыйзамды өз убагында кабыл алган жок жана айрым банктарынын шектүү операцияларга тийиштиги бар деген негиздеме менен Орусия, Украина кирген. Мыйзам боюнча долбоорду парламент алты айдан кийин карашы керек. Бирок парламент долбоорду кошумча иштеп чыгып, бир айлык мөөнөттө сунуштоого уруксат берди. Долбоордун биринчи окулушу өткөн жылдын декабрында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG