Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Турсунбай Бакир уулу: «Өлүм жазасын жоюу зарыл»


БИШКЕК. Өлүм жазасына тартылышып, учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө отурушкан атуулдардын абалы абдан оор жана 1998-жылдан бери алардын ичинен ондон ашууну ар кандай себептер менен каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ошондой эле ал жакын арада Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарууну жокко чыгарууну жана өлүм жазасына тартылган атуулдарды тез аранын ичинде шарты жакшы түрмөгө которуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстанда 1998-жылдан бери президенттин жарлыгы менен өлүм жазасына мораторий улам бир жылга узартылып келатат. Учурда Кыргызстандын абактарында өлүм жазасына тартылган 160дан ашуун адам кармалууда. Ал эми мамлекет башчы 13-октябрда келчекте Кыргызстанда өлүм жазасына тартууну жокко чыгаруу керектигин маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG