Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Казак-кыргыз өкмөт башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты


БИШКЕК. Астанага бир күндүк иш сапары менен барган премьер-министр Феликс Кулов 13-октябрда Казакстандын премьер министри Даниэл Ахмедов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын талкуулашты. Жолугушуунун соңунда тараптар билдирүү кабыл алышты. Талкуу учурунда отун-энергетика, газ, тармактарына, эмгек миграциясына, соода-экономикалык кызматташтыкка байланышкан маселелерге маани берилди. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, аталган маселелер ноябрдын этегинде Чолпоната шаарында өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумунда кеңири талкууланмай болду. Феликс Куловдун сапары Кыргызстанды муктаж болуп жаткан күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо жаатында пайдалуу болоруна ишенимин ушул эле күнү Бишкекте каржы министри Акылбек Жапаров журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга азыр 40 миң тонна күйүүчү майлоочу май, миң тоннадай авиакеросин керек болуп жатат. Бул өлкөдө кымбаттап жаткан күйүүчү-майлоочу майдын баасына туруштук берүү максатына керектелет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG