Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү 299га жетти


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин кезектеги жардыгына ылайык, Конституциялык кеңешменин курамына дагы 12 киши кошулду. Алардын катарында Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Жоомарт Оторбаев, Рамазан Дырылдаев, Алевтина Проненко өндүү саясатчылар бар. Булардан тышкары кеңешменин курамына БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, Президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов киргизилген. Кеңешменин курамына кошумча тизме киргизүү сунушу менен ушул аптада жарандык коомдун өкүлдөрү президентке кайрылышкан. Курманбек Бакиевдин буга чейинки жардыгын эске алганда, Конституциялык кеңешменин курамы 299га жетти. Март окуясынан кийин Конституцияны реформалоо максатында түзүлгөн кеңешменин алгачкы курамы 114 кишиден турган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG