Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Азиза Турдуева, Бишкек 13-октябрда Конституциялык кеңешме жаңы курамында өз ишин баштады. Анда кеңешменин төрагасы президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөдү. Жыйында Кыргызстан кандай башкаруудагы өлкө болот, бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктар кандай бөлүштүрүлөт, соттордун көз карандысыздыгы кандай камсыз кылынат деген сыяктуу маселелер боюнча ой-пикирлер айтылды. Жыйындын соңунда Конституциялык кеңешменин редакциялык комиссиясы түзүлдү.

Адегенде Конституциялык кеңешменин төрагасы, президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, Конституцияга киргизиле турган толуктоолор жана өзгөртүүлөргө байланыштуу көз карашын билдирди. Мамлекет башчы Кыргызстанда президенттик-парламенттик башкарууну күчөтүү керек деген пикирин айтты:

- Бизде күчтүү президент, күчтүү парламент, күчтүү өкмөт, күчтүү атуулдук коом каралган мамлекеттик башкаруу болушу керек. Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруунун жана атуулдук коомдун өнүгүү тажрыйбасы көрсөткөндөй, бизде так ушундай үлгүдөгү башкарууну өнүктүрүү үчүн шарттар бар.

Курманбек Бакиевдин пикиринде, өлкөнүн тышкы жана ички саясаты президент тарабынан аныкталууга тийиш. Ал эми экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү норма Баш мыйзамдан алынып салынышы керек. Кол тийбестик депутаттарга да зарыл эмес. Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны азыркыдай эле санда калтырылып, бирок парламенттик шайлоо мажоритардык-пропорционалдык системанын негизинде өткөрүлүшү зарыл.

Президент ошондой эле азыркы парламент мөөнөтү аяктаганга чейин иштеши керектигин белгиледи:

- Менин пикиримде, Жогорку Кеңеш азыркы курамында мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Депутаттардын ишинин мөөнөтун кыскартуу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Кайра шайлоого, же болбосо, мөөнөтүнөн мурда шайлоого каражат да жок, убакыт да жок, ага саясий зарылдык да жок.

Курманбек Бакиевдин пикиринде, өкмөт жана премьер-министр бүгүнкү күндө Конституция боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн керектүү ыйгарым укуктарга ээ жана бул укуктар мындан ары кеңейтилиши да ыктымал.

Сот системасына байланыштуу президент соттордун көз карандысыздыгын күчөтүү маселесине токтолду. Ошону менен бирге ал сотторго карата талаптар да күчөтүлүшү керектиги, бирок соттордун кол тийбестигин сактап калуунун абзелдиги жөнүңдө да айтып өттү. Президент кош атуулдукту киргизүүнүн, өлкөдө өлүм жазасына тыйуу салуунун зарылдыгы тууралуу да белгиледи.

Конституциялык кеңешменин айрым өкүлдөрү болсо Кыргызстанда жаңы Баш мыйзам боюнча, президент аткаруу бийлигинин башында турушу керек деген көз караштарын ортого салышты. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шергазы Мамбетов мындай дейт:

- Жаңы Конституция боюнча президент аткаруу бийлигинин башында турушу керек. Азыр президенттин администрациясы менен өкмөт аппаратында биринин ишин бири кайталаган структуралар, бөлүмдөр өтө көп. Президент мамлекет башчы да, өкмөт башчы да болуп, ошону менен бирге анын жоопкерчилиги да күчөтүлүшү керек.

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Медеткан Шеримкулов азыр Кыргызстанга президенттик-парламенттик башкаруу ылайыктуу деген пикирин билдирди. Мындай көз карашын «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиве да айтты:

- Кыргызстан үчүн эми өткөөл мезгил, чыныгы демократиялык коомду куруу мезгили келет. Мына ушундай өткөөл мезгилде бизге президенттик-парламенттик башкаруу керек. Анан гана, белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин, биздин өлкө парламенттик-президенттик башкарууга, андан соң, парламенттик республикага өтүшү мүмкүн.

Топчубек Тургуналиев жана Конституциялык кеңешменин башка айрым мүчөлөрү парламент толугу менен пропорционалдык системанын негизинде шайланууга тийиш деген пикирлерин да ортого салышты. Кеңешменин катышуучулары тарабынан Кыргызстандын президенти эки мөөнөткө шайланууга укуктуу болушу керектиги тууралуу көз караштар арбын айтылды.

Конституциялык Кеңешменин кээ бир катышуучулары Конституциялык сот менен Жогорку сотту бириктирүү жөнүндө жаңы Баш мыйзамга сунушталышы керек, деген ой-пикирлерин билдиришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо элдин талкуусуна Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоордун эки варианты сунушталууга тийштигин билдирди:

- Эгерде, биз мамлекеттик башкаруунун системасы боюнча бир пикирге келе албасак, анда элдин талкуусуна Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча эки вариантты - биринде президенттик башкаруу, экинчисинде президенттик-парламенттик башкаруу системасы каралган долбоорду сунушташыбыз керек. Эл ошондо өзү тандап алат, кайсы вариантка добуш берээрин.

Бул күнкү жыйында редакциялык комиссия түзүлүп, ага Жогорку Кеңештен, өкмөттөн, атуулук коомдон жана аймактардан 7ден өкүл кирди. Конституциялык Кеңешменин кийинки жыйыны 25-октябрда өтөт.
XS
SM
MD
LG