Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

ОШ ШААРЫ АДАМ АТКЕЗЧИЛИГИНИН ЧОРДОНУНА АЙЛАНДЫБЫ?


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаары кылмыштуу топтордун адам аткезчилигин ишке ашыруучу базасына айланып бара жатат. Бул жөнүндө билдирүү жасаган Эл аралык миграция уюмунун программалык координатору Кудурет Каримов Ош шаары Борбор Азиядагы адам сатуу жаатындагы кабыл алуучу, кармап туруучу жана жөнөтүүчү аймактын кейпин кийин бара жаткандыгына тынчсыздануусун айтып чыкты.

Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы программалык координатору Кудурет Каримов үч ай мурун оштук “көз бойоочулар” Лейлек районунан 36 адамды Орусиянын Красноярск шаарына алдап алып барып, 153 миң рублге жана кошумча 2800 АКШ долларына сатып жиберген кылмыштын бети ачылгандыгын билдирди:

- Алар бетине ачык эле “биз силерди сатып алдык, канча убакыт болсо ошончо иштеп бересиңер, бирок биз силерге акча төлөбөйбүз”, - деп буларды кул катары иштеткен. Андан кийин безгек илдети башталып жыйырма адам катуу ооруп калат. Бул жөнүндө Орусиянын Кызыл ай коому билип калат. Алар бул кишилерди дарылаганга жардам берип, анан 5 миң – 7 миң рублден берет, үйүнө кайтып келиши үчүн.

Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, өткөн жылы чет өлкөгө ар кандай мүнөздө адам сатуу боюнча 19 учур катталып, анын 13ү сотко ашырылган болсо, акыркы эки ай ичинде эле бул багытта 10 кылмыш иши ачылып, буга катышы бар деп шектелген 12 адам тергөөдө сурак берүүдө. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу бул боюнча кошумча маалымат берүүдөн баш тартышты. Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Кудурет Каримов болсо кыздарды сексуалдык кулчулукка чет өлкөгө алып барып сатуу боюнча айрыкча Ош шаары кабыл алуучу, кармап туруучу жана жөнөтүүчү аймакка айлана баштагандыгын белгилеп өттү:

- Өзбекстандын көп өкүлдөрү келип атат. Биздин кыргызстандык сутенерлор Фергана, Анжияндан кыздарды “менин дүкөнүм бар, сатуучу болуп иштейсиң, кафем бар, официант болуп иштейсиң”, - деп алдап аларды алып келип, бул жердеги сауналарга сатып атышат. Ош аэропорту аркылуу биздин анализдер боюнча, Тажикстандан, Өзбекстандан ар жумада бир жолу Араб Эмиратына кыздарды алып кетип атышат.

Жергиликтүү талдоочу Алима Шарипова адам сатуу боюнча кылмыш иштеринин көбөйүшүн, ага каршы күрөшүүнүн мамлекеттик механизмдердин алсыздыгы жана мамлекеттик органдардын коррупциялашкандыгы менен байланыштырды:

- Бул нерсени бир эле бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун лидерлеринин күчү менен чече албайбыз. Бул маселеге биздин президенттин, өкмөттүн өзүнүн терең иштеп чыккан программасы болуш керек.

Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Кудурет Каримов маалымат жыйынынын жүрүшүндө адам сатууну токтотуу боюнча күрөшкө көзөмөлдү күчөтүү максатында кошумча долбоор иштелип чыгып, ал Канаданын жана Швециянын эл аралык өнүктүрүү агенттиктери тарабынан каржылана тургандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG