Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

ЭЛЧИЛЕР ЭМИ ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕР БОЛО АЛАТ


Мындан ары Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиси болуп иштеген жана мамлекеттик тапшырманы аткарып жүргөн атуулдарына парламенттик шайлоодо талапкерлигин койууда соңку беш жылда өлкө аймагында такай жашоосу керек деген чек коюлбайт. Бул тууралуу Шайлоо кодексине өзгөртүүгө президент Курманбек Бакиев 12-октябрда кол койду.

Президент кол койгон Шайлоо кодексининин 69-беренесинин 1-пунктуна ылайык, президенттин, өкмөттүн, парламенттин тапшырмасы менен чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшкөн элчилерге, соода тармагынын өкүлдөрүнө жана башка атуулдарга депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөндө республиканын аймагында соңку беш жылдан кем эмес убакыт жашашы керек деген шарт коюлбайт.

Жыл башында мурдагы айрым элчилерди Конституциянын 56-беренесине таяп, өлкө аймагында кийинки беш жылда жашаган эмес деген негиздеме менен Борбордук шаайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого талапкерликке каттабай койгон эле. Алар Борбордук шайлоо комиссиясын, мурдакы бийлик жетекчилерин мыйзамга каршы аракеттерди жасап жатат, дешип күнөөлөшкөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдакы төрагасы Сулайман Иманбаев болсо, ошол кезде бардык иш-аракет Конституциянын негизинде жүргүзүлгөн дейт:

- Конституцияда түз жазылгандан кийин, Шайлоо кодексинде ошол эле норма кайталанган. Борордук шайлоо комиссиясы мыйзам чыгарбайт, мыйзамды кабыл албайт. Мыйзамды таза, туура аткарууга милдеттүү. Мыйзам эмес, андан бийик Баш мыйзам турат, аны дагы бурмалап бул элчи экен, же болбосо белгилүү окумуштуу бир-эки жылга чет өлкөгө иш сапары менен кетиптир деп алып таштоого Борбордук шайлоо комиссиясынын укугу жок. Эгерде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы мыйзамга өзгөртүү киргизбесе БШК аны карап элчилерди талапкер кылып катоого эч кандай акысы жок болчу.

Ирандагы мурдагы элчи Медет Садыркулов Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү менен эл аралык коомчулукка уят кылып аткан катаны оңдоп алдык деген ойдо:

- Мен оюмду былтыр эле айткам. Тегеранда элчи болуп жүргөндө бул туура эмес иш аракеттер деп, тышкы иштер министрлигине кат да жазып, каршы чыккам. Азыр кошумчалай турган нерсем. Ошондо бийлик тарабынан биздин элчилерге кылган мамилени уккан Ирандагы Европанын, Азиянын элчилеринин баары таң калган. Мындай окуя бир да мамлекетте болгон эмес дешкен. Ошондуктан Шайлоо кодексине өзгөртүүлөргө президенттин кол койгону абдан туура чечим. Менимче, дүйнө коомчулугунун алдында уяттуу нерсени оңдоп койдук.

Кѳпчүлүк байкоочулар мурдагы бийликтин тушунда бийликтин кемчиликтерин айтып келген Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Мамбетжунус Абылов өңдүү саясатчылардын парламентке жолун тороо максатында ушул норма киргизилгендигин айтышат. Парламенттик шайлоо убагында тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү элчиликтерге бул нормага карата пикирлерин ырасмий сураган. Ошондо бирин-экин гана адам бул Конституцияга каршы келет деген пикирин ачык айтышкан. Алардын бири - Индиядагы ошол кездеги элчи Бакыт Бешимов болчу.
XS
SM
MD
LG