Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:57

БАШ ПРОКУРАТУРАНЫН ИШИ БАСАҢДАГАН ЖОК


Акыркы убактарда массалык маалымат каражаттарында Башкы прокуратуранын иши басаңдап калды, деген дооматтар айтыла баштаган. Мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаров өзү баштаган бир топ иштер аягына чыкпай токтоп тургандыгы тууралуу жакында эле «Лица» гезитине берген маегинде да белгилеген. Бирок баш прокурордун 1-орун басары Жумадил Макешов «Азаттыкка» берген маегинде мунун баарын четке кагып, мурда-кийин козголгон кылмыш иштеринин баары тергелип, изилденип жаткандыгын, айрымдары жакын арада сотко ашырылаарын билдирди.

- Жумадил мырза, акыркы убактарда Башкы прокуратуранын иши басаңдап калгандыгы тууралуу сөздөр маалымат каражаттарында көп айтыла баштады. Буга бир жагынан мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынуусу да себеп болуп жатса керек. Сиз тактап айта кетсеңиз, соңку бир ай ичинде Башкы прокуратура тарабынан кандай иштер жасалды?

- Мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынуусуна байланыштуу ар кандай сөздөр айтылып жатканы чындык. Буга Бекназаровдун өзүнүн айрым маалымат каражаттарына жарыялаган жана айткан сөздөрү да негиз болуп жатат деп айтаар элем. Бирок мунун баары суу кечпеген сөздөр. Алсак, ал Канттагы цемент-шифер заводунун акциясынын 13 пайызын Данияр Үсөнов сатып алган деп айтыптыр. Акция сатылганы чындык, бирок аны Үсөнов эмес, башка бирөөлөр сатып алышкан. Ал эми акцияны сатып жиберген кишилер: Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчисинин орун басары Иманалиев менен бөлүм башчысы Эмилбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө аларды сотко ашырдык. Ал эми акцияны Үсөнов менен президенттин жакындары сатып алды деген сөз негизсиз, бул тергөө убагында далилденген жок. Ушундай эле сөз шампан-вино комбинатынын айланасында да айтылыптыр. Бул акционердик коом боюнча да кылмыш иши козголуп, азыр каржы полициясы тергөө жүргүзүп жатат.

- Кечиресиз, ушул шампан-вино комбинатынын айланасында да түрдүү сөздөр бар. Аталган комбинаттын акцияларын да арзан баада президент Бакиевдин жакындары сатып алган деп айтылып жүрөт. Булардын канчалык чындыгы бар?

- Бул сөздөр да негизсиз деп айтар элем, анткени саткандар да, сатып алгандар да президенттин же анын жакындарынын тиешеси бар экендигин айтышкан жок. Дагы айта кетүүчү нерсе, «Түндүкэлектро» ишканасы да мамлекетке келтирген 3 млн. 780 миң сом зыяны үчүн материалдар бар болсо да, мурунку прокурордун убагында кылмыш иши козголбоптур. Ал боюнча жакында биз кылмыш ишин козгоп, каржы полициясына өткөрүп бердик. Бул ишкана техникалык жабдыктардын бааларын жасалма жол менен жогорулатып, мамлекетке сатышкан.

- Мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаров айрым бир ири коррупционерлердин үстүнөн кылмыш ишин жандандырып, көп жылдан бери дайынсыз жок болуп жаткан Жайсаңбаев менен чуулгандуу «Рентонгрупп» жетекчиси Эдуард Пактын кайрадан Кыргызстанга келип, жоопкерчиликти моюндарына алуусуна жетишти эле. Мындан тышкары мурдагы президент Аскар Акаев менен өкмөт башчы Николай Танаевдин да жеп-ичкендерин ачыкка чыгарып, кылмыш ишин козгогон. Ошол башталган иштердин канчасы аягына чыкты? Кайсылары бүгүнкү күндө сотко ашырылды?

-Жайсаңбаев менен Эдуард Пактын Кыргызстанга келгени жана кылмыш иши кайрадан жанданып, тергөө жүргүзүлүп жатканы чындык. Бирок алар келгенде элге жана мамлекетке келтирген чыгымдардын баарын тез арада төлөп бере турган болуп, убадаларын берип, мыйзамсыз түрдө эркиндикке чыгарылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин айткан убадаларын аткарышкан жок. Ошентсе да иш токтоп калган жок, тергөө жүрүп жатат. 15-20 күндүн ичинде бул иштер сотко жиберилет. Мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаров интервьюсунда «Кыргызгаз» жана Ысыккөлдөгү пансионаттар боюнча козголгон кылмыш иштери да жылдырылбай, токтоп калды деп айтыптыр. Мен айтар элем, бул иштер ошол Бекназаровдун убагында тергелбей токтолуп турган. «Кыргызгаз» боюнча күнөөлүүлөр да аныкталбаптыр. Бул иштердин баарын биз кайрадан көтөрүп, жандандырып атабыз. Ысыккөлдөгү панстонаттарды да мамлекеттин меничигине өткөрөм деп убадасын берген эле, анын бири да аткарылбаган. Ал эми Карасуу базары сотто каралып, соттун чечими менен жергиликтүү бийликке кайтарылып берилди.

- Экс-президенттин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестигинен ажырап калуусуна да анын үстүнөн козголгон бир топ кылмыш иштери себеп болду эле. Айдар Акаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши кандай өнүгүп жатат?

- Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестигинен ажыратылгандыгы тууралуу токтомду бизге берүүсүн өтүнүп, Жогорку Кеңешке кайрылганбыз. Алар макулдугун беришкен, бирок азырынча ала элекпиз. Экс-президенттин уулу атасынын бийлигинен пайдаланып, көп суммадагы акчаларды короткон экен. Мунун баарына фактылар, негиздер бар, эпизоддор аябай көп. Айдар Акаевге издөө жарыяланган. Жакынкы күндөрдө кыргыз жараны катары бизге кайтарып берүүсүн өтүнүп, Орусиянын прокуратурасына кайрылмакчыбыз. Эгер Орусия прокуратурасы биздин талапты аткарып, кайтарып берсе, ал Кыргызстандын жараны катары биздин мыйзамдар менен жоопко тартылат. Ошондой эле Айдар Акаевдин катышы бар ишканалардын бири - «Бител» байланыш компаниясынын пайдасы үчүн «Кыргызтелекомго» 500 миң долларга зыян келтирилген. Бул иш боюнча «Кыргызтелекомдун» мурдагы жетекчиси Мамбеталиевге кылмыш иши козголуп, тергөө бүттү. Азыр ал иш сотто.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG