Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Пакистанда зилзаладан жабыркагандар тыкыр жардамга муктаж


Баарыдан мурда вертолет, таза суу, дары-дармек, чатырлар, акча керек, деп билдирди ООНдун атайын өкүлү Ян Эгеланд бейшемби күнү кырсык болгон райондорду кыдырып көргөн соң. Жабыркаган райондорго азык-түлүк, зарыл керектүү башка да товарлар жеткирилүүдө. Дүйнө коомчулугу Пакистанга 160 миллион доллар жардам көрсөткөнгө убада кылууда. Өткөн ишембидеги зилзаладан соңку ырасмий маалыматтарда 25 миңден ашуун киши кыргын болгону айтылат.

XS
SM
MD
LG