Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

АКСЫЛЫКТАРДЫН КӨЗ ЖАШЫ КАЧАН КУРГАЙТ?


Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү эмдигиче аныктала элек. 2002-жылдын 17-18-мартында окко учкандардын жакындары жана октон жаракат алып, майып болгондор мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынуусу менен бул иш аягына чыкпай калуусу мүмкүн деген кооптонууларын билдиришүүдө.

Аксылыктар мурунку президент Акаев бийликте турган мезгилде Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү аныкталаарына, акыйкаттык өкүм сүрөөрүнө ишенбей калышкандыгын, бирок март ыңкылабынан кийин кайрадан үмүт шооласы жангандыгын айтып келишет. “Аксы курмандыктарын коргоо” комитетинин мүчөсү Эсенгазы Жаңыбаевдин айтымында, аксылыктардын азыркы бийликтен да үмүтү жок болуп калды. Буга мындан бир ай мурун мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынуусу себеп болду:

- Элдик ыңкылап болуп, Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп дайындалгандан кийин бизде кудай буйруса күнөөкөрлөр табылат, эми Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү өз жазасын алат деген ишеним пайда болду эле. Бирок тилекке каршы, эл каалагандай болбой калды. Биздин оюбузча, Азимбек Бекназаров кызматтан алынгандан кийин, эми Аксы окуясы боюнча иш аягына чыгуусу күмөн.

Анын сөзүнө аталган комитеттин дагы бир мүчөсү Кадыркул Өмүрбеков кошулду. Анын айтымында, Аксы окуясынын курмандыктарынын президент Бакиевден үмүтү чоң эле:

- Биз Бекназаров кызматтан алынганда анын кызматы үчүн эмес, кыла турган иши үчүн кейидик. Биздин үмүтүбүз, тилеген максатыбыз бирөө эле болчу, Аксы окуясын Азимбек Бекназаров аягына чыгып, ачып берет деген гана тилекте өзүбүздү сооротуп, жакшы ойдо турган элек. Аны кызматтан алып салуу менен президент Курманбек Бакиев ансыз да кан жутуп отурган Аксы элин жаакка чапкандай эле болду.

Ал эми Табылды Жунусбаевдин айтымында, аксылыктар Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп дайындалганда андан эң биринчи Аксы окуясынын аягына жетүүнү талап кылышкандыгын билдирди.

“Аксы окуясынын курмандыктарын коргоо” комитетинин мүчөлөрү Бекназаровдун кызматтан алынуусу менен Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү аныкталбай кала берүүсү мүмкүн экендигине да кооптонуп жатышкандыгын билдиришти. Алардын айтымында, азыркы бийликте отурган айрым адамдардын Аксы окуясы ачылбай кала беришине кызыкдар болгондор арбын болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кубаныч Маткеримов өз оюн төмөнкүдөй билдирди:

- Азимбек Бекназаровдун кызматтан кетүүсүнө Аксы окуясынын себептери ачылбай калуусун көздөгөн максат да себеп болушу мүмкүн. Анткени ошол учурдагы айрым күнөөлүү адамдар азыркы эл апкелген бийликтин башында отурат. Алар Аксы окуясынын ачылбай калуусуна кызыкдар, ошондуктан кандайдыр бир болбогон себептерге таянып, Бекназаровдун кызматтан кетүүсүнө да ошол адамдар түрткү болду.

Бирок Башкы прокурордун 1-орун басары Жумадил Макешов Аксы окуясы боюнча иш кайрадан жандандырылып, тергөө жүрүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, бул иш аягына чыгып, күнөөлүүлөр өз жазасын алышат:

- Аксы окуясынын себептерин аныктоо боюнча иштеп атабыз, иш токтогон жок. Азимбек Бекназаров кандай баштаса ошол ыргак менен жүрүп жатат. Тергөөчү ошол эле жигит, алмаштырган жокпуз, иштеп атат. Бул иш мурдагы бийликтин убагында текшерилип туруп, кыскартылып калыптыр. Андан бери үч жылдан ашты. Бул аз убакыт эмес, ошондуктан бир аз татаал болуп атат. Көп документтер жок болуп кеткен, айрым кызматкерлер которулуп, кээ бирлери жумуштарында жок. Ошого байланыштуу бир аз кечеңдеп жатат. Бирок ошентсе да азыр ошолорду тактап, тергеп, изилдөөнү улантып жатабыз. Биз бул окуя боюнча кимдин канча күнөөсү бар экендигин тактап туруп, бул ишти да сотко жиберебиз.

Ал эми аксылыктар башкы прокуратура тарабынан айтылган мындай жоопторго канааттанбай тургандыгын билдиришти. «Аксы курмандыктарын коргоо» комитетинин дагы бир мүчөсү Чынгыз Төрөбеков башкы прокуратурадагы азыркы жетекчилик Аксы окуясынын аягына чыгаарына көзү жетпей тургандыгын билдирди:

- Биз атайын Аксы окуясы боюнча акыйкаттык болобу деген суроо менен элдин атынан 8 өкүл келип, президенттен тарта биртоп жетекчилер менен жолугуштук. Президент Курманбек Бакиев тез аранын ичинде башкы прокурордун милдетин аткаруучу Табылдиев чечип берет деп айтты. Бусурманкул Табылдиевдин өзү менен сүйлөшкөнүбүздө, ал Аксы окуясы менен али түшүнүгү да жок экен. Жогорку бийликтегилер убакыттын өтүшү менен Аксы окуясы унутулуп кетет деп ойлошсо керек. Бирок биз, Аксы окуясынын катышуучулары тарыхта биринчи тамга менен жазылып калган нерсени эч убакта унутпайбыз. Эгер президент элдин мүдөөсүн аткара албаса, анда кызматын өткөрүп берүүгө тийиш деп эсептейбиз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG