Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

УЛУТТУК БАНК ЖЕТЕКЧИЛИГИНИН МАЯНАСЫНА ДЕПУТАТТАР НААРАЗЫ


Жогорку Кеңештин кыйла депутаттары Улуттук Банк башкармалыгынын башчысы менен мүчөлөрүнүн маянасын «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, президент аныкташы керек деп эсептешүүдө. Бирок буга байланышкан мыйзамга экс-президент вето койгон. Депутаттар жетекчи кызматкерлердин чоң өлчөмдөгү маянасын күчүндө калтырган бул ветого каршы туруунун аргасын издеп жатышат.

«Банк жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү» жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыккан депутат Марат Султановдун билдиргенине караганда, Улуттук Банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн айлык маянасы менен катардагы кызматкердин маянасынын ортосунда олуттуу айырмачылык бар. Бул Конституцияга жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет. Анткени, Улуттук Банктын башкармалыгынын башчысы жана анын мүчөлөрү мамлекеттик кызматкердин тизмесине киргизилген. Бирок ага карабастан, депутаттын айтымында, алар айлыкты өздөрү каалагандай коюп алуу укугуна ээ. Маселен, банктын катардагы кызматкери 2 миң сом алса, башкармалыктын мүчөсү 80 миң сомго чейин маяна алат. Ошондуктан, мыйзам Улуттук Банктагы маяна коюу тартибин иретке келтирүү максаты менен кабыл алынган, дейт депутат.

Ал эми депутат Муратбек Мукашевдин оюнда, Улуттук Банк мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланып алган:

- Алар мамлекеттик кызматчы макамына ээ болгон соң, маянаны да ошого ылайык алышы керек. Улуттук Банк болсо коммерциялык банктардан башкармалыктын башчысынын жана мүчөлөрүнүн айлыгы тууралуу маалымат алууга чейин барат. Ошол ченемден алар (өздөрүнө) кызматтык маяна коюшат, коммерциялык банк менен өлкөнүн башкы банкынын ортосунда атаандаштык болушу керек дешет. Бул банк системасындагы материалдык колдоо жаатындагы эң чоң катачылык.

Мукашевдин билдиргенине караганда, кызматтык маяналардын ашкере жогорулатылгандыгынын кесепети бюджетке тийип жатат. Улуттук Банктын төрага орун басары Максат Ишембаев парламенттин мындай маанайын коммерциялык банктарга тиешеси бар бир топ депутаттын таасири деп эсептейт:

- Алар Улуттук Банктын алсыз болушун каалап жатышат. Алар, албетте, биз өз учурунда такоор бергидей аспаптын болушун, кадыр эсе банк бизнесинин алкагында кармап турушубузду каалашпайт. Ошон үчүн нааразылыктар болуп жатат.

Максат Ишембаев, эгер, депутаттар президенттин ветосуна каршы тургудай жетиштүү добуш топтой алса, башкаларды айтпаганда да, жеке өзү дароо кызматынан кетет, анткени, жогорку айлык болмоюнча, Улуттук Банкты азыркыдай коррупциясыз мекеме катары кармап калуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Депутат Темир Сариев да маянанын жогорулугун мыкты кадрларды кармап туруунун жолу, ошондуктан, көп айлык алгандарды жарга такабай, аз айлык алгандарды ошолорго теңөө аракетин көрүү керек деп эсептейт:

- Коммерциялык банктар менен иштешүү үчүн Улуттук Банкта маселени коммерциялык банктагылардагылардан кем түшүнбөгөндөр иштеши керек. Буга айлык акынын эсебинен гана жетүүгө болот.

Депутат Султановдун оюнда, Улуттук Банктын башындагылардын маянасын чакан чөйрө эмес, мамлекет таразалап, иретке келтирип турушу керек. Ал эми депутат Момункулов депутаттардын мыйзамды күчүнө киргизүү үчүн жасап жаткан аракеттерин советтик теңдемечиликке кайра кайтуунун бир түрү катары баалады.

Анткен менен, парламент мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Улуттук Банк мамлекеттик орган катары иш алып барып, Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө болушу керек деген пикирди колдошот. Маселен, төрага Өмүрбек Текебаев Улуттук Банктын бюджетин Жогорку Кеңеш аныкташы керек десе, депутат Жантөрө Сатыбалдиев банктын башкармалыгынын мүчөлөрү депутаттардын макулдугу менен бекитилишин, мыйзам бузган шартта толугу менен кызматтан кетишин оң көрөт. Ал эми банк системасында өзүм билемдик жана өксүктөр көп деп эсептеген депутат Дамир Өскөнбаев «Банк жөнүндөгү» мыйзам толугу менен кайра кароого муктаж дейт.

Ушундай талаш-тартышты жараткан мыйзамга койгон президенттин ветосуна туруштук берүү үчүн депутаттар 50дөн кем эмес добуш топтошу керек. Мынчалык добуш топтолбой калат деп чочулаган көпчүлүк бейшемби күнкү отурумда добуш берүүнү ыңгайлуу учурга калтырууну ылайык табышты. Буга чейин ветону Бюджет жана каржы комитети карап, президенттин ветосун колдогон чечим чыгарып, аны палатага берген болчу. Бирок парламенттик талкууда комитет төрагасы Акматбек Келдибеков төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Кызматкерлердин айлыгы 1500-1600 сом, пенсия 800 сомго жетпей атканда, кээ бир кызматкерлердин маянасы 80-100миң болуп жатышы бир дагы алкакка сыйбайт. Бирок келечекте, эгер биз коррупцияны жоготобуз десек, мамлекеттик кызматчылардын да, пенсионерлердин да айлыгы аз дегенде минималдык керектөөдөн эки эсе көп болушуна умтулушубуз керек.

Расмий маалымат боюнча, ар бир адамдын керектөөсүнүн минималдык өлчөмү 1600 сомдун тегерегинде, ал эми айлык маянанын төмөнкү өлчөмү 100 сомго барабар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG