Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Президент Аксыга барабы?


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев октябрь айынын жыйырмаларына чейин Аксы районуна барып, эл менен жолугушууга аракеттенет. Бул тууралуу президент 13-октябрда «Бекназаровду коргоо комитетинин» өкүлдөрү менен жолугушууда билдиргендигин комитеттин мүчөлөрү Табылды Жунусов, Кубаныч Маматкеримов маалымдады. Буга чейин «Бекназаровду коргоо комитети» Аксы жергесинин тургундарынын атынан кайрылуу таратып, анда президент Курманбек Бакиевге бир нече талап койгон. Алардын арасында Азимбек Бекназаровду башкы прокурорлук кызматка кайра дайындоо, Үсөн Сыдыков түзгөн комиссиянын ишин иликтөө жана президенттин Аксыга келип эл менен жолугушуу талабы бар эле.

XS
SM
MD
LG