Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ЫКМАДАГЫ БАШКАРУУ ЫҢГАЙЛУУ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Саясий реформа жүргүзүү максатында түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны 13-октябрда Бишкекте өткөрүлдү. Ага өлкө президенти Курманбек Бакиев жетекчилик кылып, Кыргызстанды келечекте президенттик-парламенттик мамлекеттик башкарууга өткөрүүнү, ал эми парламентти партиялык жана можаритардык шайлоо ыкмасы менен түзүү демилгесин көтөрдү. Ошол эле учурда мамлекет башчынын мындай сунушуна айрым саясатчылар жана саясий партиялар макул эмес.

Байкоочулардын баамында, Конституциялык реформа жүргүзүү - коомдогу эң маанилүү саясий окуя. Мындай иш чаранын натыйжасында өлкөнүн жогорку бийлик органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктар бөлүштүрүлүп, мамлекеттин башкаруу системасы аныкталат. Конституциялык реформада талаш-тартыштуу маселер абдан көп. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү боюнча мамлекет башчы Курманбек Бакиев Кеңешменин алгачкы жыйында сөз сүйлөп, Кыргызстанды келечекте парламенттик-президенттик башкарууга өткөрүүнү сунуштады:

- Бизде күчтүү президент, күчтүү парламент, күчтүү өкмөт, күчтүү атуулдук коом болгон мамлекеттик башкаруу системасы түзүлүшү керек. Кыргызстанда буга чейинки мамлекеттик башкаруу жана атуулдук коомдун өнүгүү тажрыйбасы көрсөткөндөй бизде так ушундай, аралашма башкарууга өтүүгө шарт бар.

Мамлекет башчынын жогорудагый пикири Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү тарабынан колдоого алынса, айрым саясий партиялар жана саясатчылар тарабынан четке кагылууда. Маселен, бул маселе боюнча «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин пикири төмөндөгүчө:

- Биздин партия башынан бери эле Кыргызстанды парламенттик башкарууга өткөрүүнү сунуштап келет. Биздин оюбузча, кыргыз эли башынан хан көргөн эмес. Ошондуктан хандык система түзсөк биздин ханыбыз дароо эле диктатор болуп кетет экен. Ошондуктан бизге парламенттик башкаруу керек.

Ал эми мурдагы Мыйзам чыгаруу жыйын төргасы Абдыганы Эркебаев Кыргызстанды чыныгы президенттик башкаруу ыкмасына өткөрсөк жакшы болот эле деген пикирде:

- Кыргызстанды АКШдагыдай президенттик башкаруу ыкмасына өткөрүү керек. Президент бир эле мезгилде мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы болсо жакшы болмок.

Мындай пикирди «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Турганалиев да колдойт:

- Кыргызстанда ким көп, жетекчилер көп. Ошондуктан өткөөл мезгилдин татаал мүнөзүн эске алып, бир эле адам мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы болушу керек. Бул өлкөгө каржы жагынан алганда да пайда.

Байкоочулардын баамында, бул жолку саясий реформанын натыйжасында Кыргызстан чынында эле мамлекет башчы Курманбек Бакиев сунуш кылгандай президенттик-парламенттик башкарууга өтүшү ыктымал. Бул тууралуу Абдыганы Эркебаев жогоруда айткан оюна буларды кошумалай кетти:

- Саясатта такай реализм болушу керек. Учурдагы жарандык коомдун пикирин эске алып, учурдагы шартта биз президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүбүз ыктымал. Ушундай эле башкаруу ылайыктуу болуп турат окшойт.

Айтор учурда жаңы Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстанды кандай башкаруу ыкмасына өткөрүү тууралуу түрдүү пикирлер орун алууда.

Макала соңунда дүйнө өлкөлөрүндө колдонулуп келаткан башкаруу ыкмалары боюнча азын оолак маалымат айта кетсек. Саясат таануу илиминде үч түрдүү башкаруу ыкмасы, тагыраак айтканда, чыныгы президенттик, парламенттик жана аралашма башкаруу ыкмалары бар. Чыныгы президенттик башкаруу ыкмасы 1789-жылдан бери АКШда колдонулуп келет. Бул учурда бир эле киши мамлекет башчы, өкмөт жетекчиси болуп, өлкөдөгү кадр саясатын каалагандай жүргүзөт. Ошол эле мезгилде парламентке аткаруу бийлигинин аракетин көзөмөлдөө ыйгарым укугу берилип, эң жогорку бийликтин ыйгарым укуктары тең, адилеттүү бөлүнөт. Ал эми парламенттик башкаруу учурунда шайлоодо жеңишке жетишкен партия өкмөттү түзөт жана өкмөт парламентке көз каранды болот. Ошол эле мезгилде Курманбек Бакиев айткан аралашма башкаруу ыкмасына өтүүдө эң жогорку бийликтин ыйгарым укуктары Конституцияны иштеп чыгуу учурунда өлкөдөгү кайсыл саясий күчтүн таасири күчтүү болсо, ошол күч ыйгарым укуктардын баарын өз колуна алууга жетишет. Буга Кыргызстандын сонку он беш жылдык тарыхын мисал келтирүүгө болот.
XS
SM
MD
LG