Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

КЫРГЫЗСТАН-ЖАПАНИЯ: ӨНӨКТӨШТҮК ӨКМӨТТҮК ДЕҢГЭЭЛДЕ ЭЛЕ ЖҮРҮҮДӨ


Жапан өкмөтү Кыргызстандагы экономикалык реформаларды колдоого 294 миллион ашуун доллар жардам көрсөткөн. Алардын арасында “Манас” абамайданын, “Ош-Бишкек” жолун оңдоо сындуу ири долбоорлор бар. Анткен менен эки өлкө ортосундагы экономикалык мамиле-катнаш негизинен өкмөттүк деңгээлде гана жүрүп, Жапаниянын ири компанияларынын, жеке ишкерлеринин Кыргызстанга кызыгуусу байкалбайт.

Өткөн жылы Кыргызстан менен Жапаниянын ортосундагы соода алакасы 11 миллион доллардан ары көтөрүлө алган жок. Ушу тапта жапан өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Ош-Бишкек жолу оңдолууда, саламаттык сактоо, социалдык инфраструктураны жакшыртууга арналган долбоорлор иштөөдө. Алардын арасынан Көл жээгинде социалдык инфраструктураны жакшыртуу, аймактын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган Жапан өкмөтүнүн JICA программасы кыргызстандыктарга жакшы белгилүү.

Кыргызстан менен Жапаниянын экономикалык алака-катышы расмий деңгээлден ары көтөрүлө албай, Күнчыгыш өлкөсүнүн жеке ишкерлеринин бул жакка кызыгуусу ойгонбой жатышынын себеп-жөнүн Жапаниянын Кыргызстандагы элчиси Тошио Цунозаки мырза маалыматтын жоктугуна байланыштырып түшүндүрөт:

- Тилекке каршы, чын эле ошондой болууда. Жапан өкмөтү жакшы жардам көрсөтүүүдө, бирок да жеке сектор андай активдүүлүктү көрсөтө албай жатат. Биринчиден, Кыргызстан тууралуу Жапанияда өтөле аз маалымат берилет. Инвестиция үчүн туруктуулук эң маанилүү нерсе. Ошон үчүн аркыл саясий көңтөрүштөрдүн белгилүү деңгээлде терс жагы болот. Менимче, бул жерде кандай инвестициялык артыкчылыктар бар экенин тез-тез жарыя кылып туруу керек. Ошентсе инвестицияга да бул жерде орун табылып калышы ажеп эмес.

Жапан ишкерлеринин Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө анча көңүлсүнбөй жатышынын дагы бир себеби мыйзамдык негизге байланыштуу. Коррупцияга белчесинен батып, экономикалык мыйзамдарга караганда бюрократиялык түшүнүктөр менен жашаган өлкөгө сырттан агылып инвестициянын келиши күмөндүү экенин ушу тапта Кыргызстан жонтериси менен сезип отуру.

Жапаниянын Кыргызстандагы иштерине ишенимдүү өкүлү Тацухико Касайдын ырасташынча, Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүндө өйдө-төмөндүктөр байкалат:

- Кыргызстанда адам ресурсу жетиштүү. Бирок да табигый байлыктары ченелүү. Ошон үчүн бул жердеги экономикалык өнүгүү өйдө-төмөн жүрүшү табигый нерсе. Идеалында оболу базар экономикасына шарт түзчү мыйзамдарды кабыл алып, анан реформаларды баштаса жарашмак. Макроэкономикалык туруктуулукка жетишип алгандан кийин мыйзамдарды оңдоого киришкенде сөзсүз экономикалык өнүгүштө өйдө-төмөндүктөр болот.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов жапан ишкерлери Кыргызстанга тартынбай эле инвестиция алып келишине жетиштүү мыйзамдык негиз бар деп эсептейт:

- Менин оюмча, эмки иш – Көл боюнда жапандыктар келишкен мейманкана курушу керек. Эгер бул ишке ашса, конкрет иш болмок. Анын үстүнө бүгүн президент өкмөт чет элдик инвесторлорду ар тараптан колдоосу зарыл деп айтты. Биз Жапания менен кызматташууга кызыкдарбыз. Жапан өлкөсү Кыргызстандын негизги донорлорунун бири.

Марттагы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстан кыйла убакты-саатын саясий талаш-тартыштарга коротуп, жарым жылдан кийин жаңы өкмөт түзүмүнө жетишти. Жаңы өкмөт чет эл инвестициясына жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүү экени каадалуу жыйындарда дамамат айтылып келатат. Анын кайрымжысы кандай болорун азыртан боолгоо кыйын.
XS
SM
MD
LG