Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУ ЖОЮ ЗАРЫЛБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Конституциялык реформанын алкагында өлкөдөгү сот системасына да өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Айрым саясатчылар өлкөдө Конституциялык сот менен Жогорку сотту бириктирүү сунушун айтышууда. Ошол эле мезгилде мындай сунушка каршы болгондор да арбын.

Аскар Акаевдин мезгилинде өлкөдө үч сот системасы, тагыраак айтканда, Арбитраждык, Конституциялык жана Жогорку сот болгон. Ал эми Баш мыйзам 2003-жылы өзгөртүлгөндө Арбитраждык сот жоюлган. Байкоочулар өлкөдөгү сот системасын реформалоо зарылдыгын айрыкча соңку жылдары карапайым элдин сотторго болгон ишениминин кетиши жана курулай чыгым кеткен эки баштуу сотту жою зарылдыгы менен байланыштырышат. Бул тууралуу «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев мындай дейт:

- Сот реформасынын зарылдыгын биз он жылдан бери какшап келебиз. Себеби соттор Жогорку соттун көрсөтмөсү менен, же чоң акча менен чечим чыгарып калган. Сот реформасын жүргүзбөсө анын төрагасын алмаштыруудан эч натыйжа чыкпайт.

Ошондой эле Жыпар Жекшеев өлкөдөгү Конституциялык сотту жоюга каршы экендигин кошумчалады. Ушундай эле ойду адвокат Токторбек Ашырбек уулу да колдойт:

- Эгемендүү өлкөгө Конституциялык сот керек. Анткени бул сот өлкөнүн эң башкы мыйзамы - Конституцияны коргойт. Ошондой эле айрым учурда өлкөдөгү мыйзамдардын ортосунда карама-каршылык болуп калганда ага Конституциялык сот чекит коюшу керек.

Ошол эле учурда Конституциялык сотту жою зарылдыгын айткандар да арбын. Алардын бири, учурдагы Юстиция министри Марат Каиповдун пикири төмөнкүчө:

- Он жылдын ичинде бул сот өзүн-өзү актаган жок. Мен өзүм бул соттун судьясы болуп иштедим. Он жылдын ичинде биз болгону жылына бир-эки же үч, көп эле дегенде беш-алтыдан иш карадык. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча жеген мындай бийлик органынын пайдасы барбы деген суроо туулат. Менин оюмча, мындай соттун кереги жок.

Ошентип, өлкөдө сот реформасы зарыл экендигин бардык саясатчылар четке кагышпайт. Мына ушундан улам келечекте канткенде соттордун материалдык жана саясий жактан көз карандылыгын жою керек деген суроо туулат. Адвокат Токторбек Ашырбек уулунун айтымында, соттор качан эл тарабынан шайланганда гана саясий көз карандылыктан кутулушат:

- Ошондуктан сотторду өмүр бою шайлап, айлык акыларын көтөрүү керек. Ошону менен бирге алардын жоопкерчилигин көтөрүү зарыл. Ошондо гана соттор көз карандысыз болот.

XS
SM
MD
LG