Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

МАМЛЕКЕТ БАШЧЫГА ЖАНА ДЕПУТАТТАРГА КОЛ ТИЙБЕСТИК КЕРЕКПИ?


Президент Курманбек Бакиев 13-октябрда Конституциялык кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө президент, премьер-министр жана депутаттарга кол тийбестик берилишине каршы экендигин айтып чыкты. Мамлекет башчысынын мындай сөзүн колдогондор да, ага ачыктан-ачык каршы болгондор да чыгууда. Чындыгында мамлекет жетекчилерине жана депутаттарга кол тийбестик керекпи?

Кыргызстанда эл депутаттарынан кол тийбестик укугу Аскар Акаевдин бийлиги учурунда бир алынып салынып, бирок 2003-жылы кайрадан калыбына келтирилген. Азыркы Конституциянын 56-беренесинде депутаттарга, 49-беренеде президентке кол тийбестик кепилденген.

13-октябрда Конституциялык кеңешмеде президент Курманбек Бакиев кол тийбестик маселеси боюнча мындай пикирин билдирген эле:

- Менин оюмча, президент, премьер-министр жана депутаттар элге кызмат кылабыз десе - анда аларга кол тийбестиктин кереги жок. Эгерде аларда башкача ой болсо, анда кол тийбестик жөнүндө сөз кылсак болот. Ошондуктан мен президент, премьер-министр жана депутаттарда кол тийбестик болушуна каршымын.

Президенттин мындай демилгесине Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев каршы болуп, Акаевдин доорунда депутаттардан кол тийбестикти алуу президенттик администрациянын азыркы башчысы Үсөн Сыдыков, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жана Азимбек Бекназаровду куугунтуктоого алып келгенин эскертти.

Коомчулуктун өкүлдөрү бул маселеге карата ар кыл пикирде болууда. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеев депутаттардан толук кол тийбестикти алуу туура эмес деген пикирин билдирди:

- Кол тийбестик боюнча депутаттардын укуктарын калтырыш керек. Анча-мынча укук калтырбасак болбойт. Биздин практикада болбодубу. Ошондуктан бул маселеде абайлаш керек. Мен маселен, кол тийбестикти алууга каршымын.

Орозбек Дүйшеевдин айтымында, бул маселени президентке импичмент жарыялоонун, ошондой эле депутаттарды жоопкерчиликке тартуунун шарттарын жеңилдетүү менен чечүүгө болот.

Ал эми белгилүү юрист Чолпонкул Арабаев бул маселеде депутаттар, президент жана премьер-министр өздөрү саясий чечим кабыл алса туура болот деген пикирде болууда:

- Принцибинде кол тийбестикти алып салса да болот. Ал саясий чечим. Эгерде президент жана депутаттар ошондой чечимге келсе, анда соттордун кол тийбестигин да жокко чыгарыш керек.

Күнөөсү болсо кол тийбестик сактап кала албайт. Муну практика көрсөтүп жатпайбы, деп белгиледи Чолпонкул Арабаев.

Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев болсо, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик өкүлдөрүнөн эле эмес сот бийлигинин өкүлдөрүнөн да кол тийбестикти алып, бирок адвокаттык институтту күчөтүү керек деген ойдо:

- Бизде Конституцияда жазылып турат, “мыйзам алдында баары бирдей” деп. Ошол принцип дайыма сакталыш керек. Президент да, депутат да кылмышка барса, ал мыйзам чегинде жооп бериш керек. Ошол үчүн кол тийбестикти алуу туура. Анүчүн таза иштешсин. Экинчиден, тартип коргоо системасында иштегендер акыйкатчыл болуш керек. Мына ошого негиз берүүчү механизмдерди түзүш керек. Ошондой эле сот системасы адилет, адвокаттык институт абдан күчтүү болуп, анын укуктары айыптоочу менен тең болуш керек.

Эми бул маселе Конституциялык кеңешменин жыйындарында, андан кийин элдик талкууда козголоору бышык.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG