Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Бүгүн Иракта жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүп жатат. Шайлоо мезгилинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жаңы Баш мыйзам өлкөнүн биримдигин арттырат деген үмүт айтылып келет. 15 миллион чакты катталган шайлоочу "Ирактын Конституциясынын долбоорун колдойсузбу?" деген бир гана суроого жооп бериши керек.

Президент Жалал Талабани биринчилерден болуп добуш берди. Ал «Азаттыктын» Багдаддагы өз кабарчысына референдумду өлкөнүн демократия жолундагы бурулуш көз ирмем деп мүнөздөдү.

- Бүгүн майрам, Rонституциянын майрамы. Мен жаш кезимде эртең менен эрте туруп, жаңы кийимдерибизди кийип, майрамга барчубуз. Кудай буюрса, бүгүнкү майрам көз карандысыз, федералдык жана байманасы ташыган өлкөнүн демократиялык пайдубалын түптөөнүн башталышы болуп калат. Кудай кааласа, Конституция бардык ирактыктардын башын бириктирип, Ирактын туруктуулугун жакшыртууга кызмат өтөйт.

6 миңдей шайлоо бекетин 10 миңдеген аскерлер жана тартип коргоочулар кайтарууга алышкан. Америкалык жана башка чет элдик куралдуу күчтөр зарыл болсо жардамга келгени даяр турушат. Эл аралык чек аралар апта башында жабылган, дүкөндөр жана ишканалар бейшембиден бери жабык турат. Референдум кан төгүүсүз болбой койгон жок. Багдаддын түндүгүндө бомбадан үч аскер курман болду, ал эми батыштагы Рамади шаарында куралдуу кагылышуу болгондугу кабарланды.

Бирок абал жалпысынан тынч эле, шайлоочулар референдумга агылып келип жатышат. Алардын бири - Багдаддын тургуну Меки Авад буларды айтты:

– Биз Конституция үчүн добуш бергени келдик. Бүгүн биздин өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн маанилүү жана унутулгус күн.

Акыркы жолу ирактыктар Саддам Хусейндин тушунда, мындан үч жыл мурда рефередумда добуш беришкен эле. Ал кездеги атка минерлер добуш бергендер 100 пайыз Саддам Хусейндин бийлигин дагы жети жылга узартууга макул болушту деп ырасташкан. Бүгүн референдумдун жыйынтыгы кандай болоорун ишенимдүү божомолдош кыйын.

Баш мыйзамдын долбоорун өлкөдө көпчүлүктү түзгөн шийилер менен түндүктөгү күрддөр колдоп чыгышкан, бирок суннилердин көбү ага каршы. Алар федералдык түзүлүш Ирактын бөлүнүп-жарылышына алып келип, сунилер өлкөнүн мунайынан түшкөн кирешеден кур жалак калышат деп чочулашат. Бирок өткөн аптада сунни партияларынын бири долбоорду колдоону чечти. Мунун алдында шийи жана күрдү лидерлери келерки жылы Конституцияны кайра карап чыгууга сөз беришкен эле. Ушуга байланыштуу суннилердин катары эки бөлүнүп, долбоордун четке кагылыш мүмкүнчүлүгү төмөндөдү. Президент Талабани жаңы Конституция Ирак калкынын көпчүлүгүнүн мүдөөсүнө туура келет, деп ырастоодо. Эгер шайлоочулардын жарымынан ашыгы колдосо, Конституция кабыл алынат. Эгер Ирактын 18 провинциясынын үчөөндө шайлоочулардын үчтөн экиси каршы чыкса, долбоор четке кагылган болот.

Эгер долбоор колдоо тапса, ушул декабрда алгачкы жалпы улуттук шайлоо өтүп, төрт жылдык мөөнөткө жаңы өкмөт ишке кирет. Эгер өтпөй калса, декабрда убактылуу парламент шайланып, ал Конституцияны кайра башынан түзүүгө милдеттендирилет.
XS
SM
MD
LG