Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Премьер-министр жапан элчиси менен жолукту


БИШКЕК. 15 октябрда Өкмөт үйүндө премьер-министр Феликс Кулов Жапаниянын Кыргызстандагы элчиси Тошио Цуназоки менен жолугушту. Бул иш чара элчи мырзанын Кыргызстандагы элчилик мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу болду. Анда жапан элчиси соңку мезгилде Кыргызстан менен Жапания мамилелери өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеп, мунун бир мисалы катары Кыргызстанда Жапаниянын элчилиги, Жапанияда Кыргызстандын элчилиги ачылганын айтты. Ал эми Феликс Кулов элчи мырзанын эки тараптуу мамилелерди чындоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазчылык билдирип, Жапания Кыргызстанга жардам берген негизги донор өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG