Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Министрлик Каракечедеги кырдаалга тынчсызданууда


БИШКЕК. Чукул кырдаалдар жана экология министрлиги Каракече кениндеги кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирүүдө. Аталган министрлик тараткан билдирүүдө “Акулак” акционердик коомунун жетекчиси Нурлан Мотуев көмүр казуудагы өнөр-жай коопсуздугунун нормаларын орой бузуп жатат деп айтылган. Аталган министрлик тез арада чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, ордуна келгис оор жоготуулар болушу ыктымалдыгын эскертет. Буга чейин “Көмүр” мамлекеттик ишканасына кайрылуу жөнөтүлүп, бирок ага жооп болгон эмес. Президент Курманбек Бакиев 15-октябрда көмүр тармагындагы башаламандыкты токтотууну өкмөткө тапшырды. Бирок ага чейин Каракечеде иштеп келген фирмалар тараптан болгон мыйзам бузууларды териштирүү жөнүндө жумгалдыктардын өтүнүчүн аткаруу керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG