Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Курманбек Бакиев коррупция күчөдү дегенге кошулбайт


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев коррупцияга аралашкан мамлекеттик чиновниктер кызмат ордунда бир саат да отурбайт, деп билдирди. Кеңейтилген жумушчу кеңешмеде билдиргенге караганда, ал коомчулукта айтылып жүргөн коррупция ого бетер күчөдү деген пикирлер менен макул эмес. Президент соңку 7 айда мамлекеттик казынага былтыркы ушул маалга караганда 13 пайызга көп киреше түшкөнүн буга далил катары белгиледи. Анын айтымында, бажы тармагы боюнча 949 миллион сомго, салык кызматтарынан 680 миллион сомго көп каражат түшкөн. Бирок коомчулукта азыр коррупция Аскар Акаевдин тушундагыдан да күчөп баратат деген сын пикирлер айтылып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG