Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

Президент акимдерге бир жыл убакыт берди


БИШКЕК. 15-октябрда өткөн кеңейтилген жыйында президент Курманбек Бакиев коюлган милдеттерди аткаруу мөөнөтүн аныктап, район акимдерине аны аткарууга бир жыл убакыт берди. Президент ошондой эле бардык райондорду кыдырып, бир жыл ичинде кандай иштер жасалганын өз көзү менен көрүп, кабар алаарын жана андан соң жыйынтык чыгараарын билдирди. Ал эми министрлерге президент эки жыл убакыт берип, ар бир министрдин ишин квартал сайын өзү көзөмөлдөп тураарын айтты. Алты айдан кийин, ашып барса бир жылдан соң кайсы министр кандай иштеп жатканы, ишинде жылыш бар же жок экени белгилүү болот деди президент. Курманбек Бакиев аким, министрлерге мындай милдет коюп жатып, “эгер ишти алып кетүүгө көзүңөр жетпесе, өзүнөрдү да, элди да кыйнабай жардыкты күтпөстөн эле арызыңарды жазгыла”, - деп айтты. Президент ошондой эле өкмөт мүчөлөрүн саясат менен алектенгенди токтотуп, ишке киришүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG