Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Россиялык күчтөр Кабардино-Балкарияда согушчандарды издөөдө


Нальчикте бейшемби күнү болгон куралдуу калабада, Россиянын ички иштер министри Рашид Нургалиевдин билдиришинче, 108 киши, анын ичинде 72 согушчан жок кылынып, 24 полициячы жана 12 адам окко учкан. Коопсуздук органдарынын имараттарына, террорчулукка каршы күрөшүү боборуна жана аэропортко жасалган чабуулдарды уюштурууга жардамдашкан 31 согушчан тирүү кармалган.

Президент Путин жума күнкү тажия маалында коопсуздук күчтөрүнүн чабуулду кайтаруудагы аракетин оң баалады:

- Бандиттердин бул сыяктуу калаба салышына мүмкүн болуп жатканы жаман. Биздин өз жолдоштрубузду, күч колдонуу кызматынын адамдарын жана жарандарыбызды жоготконубуз –бул чоң трагедия.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти Кавказ фронту деген топ өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG