Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

Ирак бийликтери өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл алуу боюнча ишемби күнү болгон жалпы элдик референдумдун добуштарын эсептешүүдө. Референдумга 10 миллион чамалуу шайлоочу катышты деп маалымдалды. Непада Ирактын 18 провинциясынын үчөөндө калктын үчтөн экиси “жок” десе, Ирактын жаңы Конституциянын долбоору бекитилбей калат. Добуш берүүнүн толук жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланып калышы ыктымал.

Добушканага келген ар бир шайлоочу “Сиз Ирактын Конституциясынын долбоорун колдойсузбу?” деген жалгыз суроого “ооба” же “жок” деп жооп беришкен. Багдаддын тургуну Сармад деген жигит референдумдун маанисин ирактыктар туура түшүнүшүп, аны өткөрүүнү колдошту деген ишеничте:

- Мен добушканага барганымда ар нерсе жакшы уюштурулганын көрдүм. Эч ким бизди “ооба” же “жок” деп жазганга мажбурлаган жок. Биз өз каалообуз менен болдук. Ар бир ирактык Конституциядан түшүнүгү жок туруп, “ооба” же “жок” деп жазды дегенге кошулбайм.

Президент Жалал Талабани ишемби күнү “Эркин Ирак” радиосуна берген интервьюсунда референдумду демократиянын өткөөл жолундагы Ирак үчүн өтө маанилүү бурулуш деп мүнөздөдү:

- Бүгүн майрам, Башмыйзамдын майрамы. Алла күбө, бүгүнкү майрам Иракта демократиянын пайдубалын коюп, көз карандысыз, федералдык жана байдөөлөт өлкө куруунун башталышы. Алла күбө, Конституция бардык ирактыктарды бириктирүүчү, улуттук биримдикти бекемдөөчү жана Ирактагы туруктуулукка салым кошчу фактор болот.

Эсептөөлөргө караганда референдумга каттоодон өткөн 16 миллиондой шайлоочунун 10 миллионго жакыны катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 60 пайыздан көбү.

Маанилүү саясый өнөктүктүн калабасыз, тынч өтүүсүн камсыздоо үчүн 6 миң шайлоокананы Ирактын полициясы менен аскерлери кылдат күзөтүштү. Ага карабай Багдаддын түндүк ныптасында бомба чабуулунан ирактык үч аскер катардан чыкты. Батыштагы Рамади шаарында да козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусу болду.

Эрегишчилер тынбай кол салып, элдүү жайларда дембе-дем жардырууларды уюштуруп турган шартта, шайлоочулардын үчтөн экиге жакынын референдумга катышканына дүйнө лидерлери жогорку баасын беришти.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш ишемби күнкү референдумду Ирактын болочогун көздөй жасалган маанилүү кадам деп баалады:

- Ирактын эли өз добуштары менен террорчуларга олуттуу сокку урушту жана дүйнөгө: “Ирак өз келечегин тынч, шайлоо жолу менен, козголоңчулардын зобундугу жок эле аныктайт”, - деп ачык шардана кылышты.

Азырынча шайлоонун жыйынтыгы кандай болоору белгисиз. Күрттөр менен шииттер негизинен Башмыйзамдын долбоорун колдошту. Ал эми сунни азчылыктары федералдык түзүлүш келечекте Ирактын бөлүнүүсүнө алып барат, суннилерди мунай кендеринен түшкөн кирешеден сыртта калтырат деп кооптонушуп, референдумга каршы чыгышты.

Ошентсе да, өткөн аптада шиит жана күрт башчылары келерки жылы Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макулдук беришкенден кийин, суннилердин бир партиясы Конституциянын долбоорун колдоого көнгөн.

Ушул макулдашуу, Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебаринин оюнча, суннилердин добушун бөлүп, көпчүлүктүн референдумга катышуусуна олуттуу салым кошту. Непада Ирактын 18 провинциясынын үчөөнүн калкынын үчтөн экиси референдумда “жок” деп добуш берсе, жаңы Конституциянын долбоору бекитилбей калат.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбү күндөн кечикпей жарыяланып калышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG