Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Күйүүчү жана майлоочу май күн санап кымбаттап баратат


ЖАЛАЛАБАТ. 16-октябрда А-93 үлгүсүндөгү бензиндин литри жыйырма алты сомдон сатылды. А-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы жыйырма төрт сомдон болду. Ал эми 72-76 үлгүдөгү бензиндер болгон жок. Дизелдик отун же солярка 17, айрым жерде 18 сом. Облустун Чаткал, Алабука, Тогузтороо өңдүү четки райондорунда күйүүчү майлардын баалары мындан да кымбат. Бензиндин жогорулашы менен Бишкек-Ош шаарларына каттаган унаалар да жол кирени өйдөлөтүүдө. Жалалабат-Бишкек жол киреси миң сомго чыкты. Баа кымбаттаганы менен айдоочулар күйүүчү майлардын сапатсыз экендиктерин айтышууда. Күйүүчү май облуска ишкерлер тарабынан Орусиядан ташылып келет. Жалалабатта 500 миң тонна нефтини кайра иштетүүчү завод жер маянасынын салыгына байланыштуу сырттан ташууну кыскарткан. Облустагы нефти өндүрүүчү “Кыргызнефтегаз” акционердик коому жылына 70 миң тоннага дейре чийки май өндүрөт.

XS
SM
MD
LG