Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Мамлекет бөлгөн ссуда элге жетишсиз болуп жатат


БИШКЕК. Кыргызстан боюнча 16 миң кожолук коркунучтуу аймакта жашайт жана жаратылыш кырсыгына кабылган 5 миң киши үй-жайсыз. Бул тууралуу жекшембиде өкмөттүн алдындагы архитектура жана курулуш департаментинин башчысы Айчүрөк Тазабекова билдирди. Анын айтымында, аларды турак жай менен камсыздоого быйыл мамлекет ссуда үчүн 127 миллион сом бөлүп, ал каражаттын жарымы Ош облусунда жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга турак үй куруу, сатып алуу үчүн берилди. Бирок бул каражат муктаждыкты жапкан жок. Ал эми жума күнү президент Курманбек Бакиевдин жетекчилигинде өткөн өкмөттүн кеңейтилген жыйынында, жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жетиштүү кам көрбөй жаткандыгы үчүн архитектура жана курулуш департаменти сынга алынган.

XS
SM
MD
LG