Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Иракта добуштарды саноо уланууда


Иракта ишемби күнү болгон референдумда салынган дабуштарды саноо улантылууда. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс ирактык шайлоочулар ишемби күнү өткөн референдумда өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорун “жактаган болушу ыктымал”, деп билдирди Лондондо. Шайлоо комиссиясы түндүктөгү Нинева провинциясынын калкы Конституцияны колдогонун эсептөө көрсөтүп жатканын маалымдады. Бирок Саддам Хусейндин киндик каны тамган Салахеддин провинциясы “жок” деп добуш берген сыяктуу. Өлкөдөгү үч эле провинцияда шайлоочулардын үчтөн экиси каршы чыкса, Башмыйзам долбоору бекитилбей калат.

Америкалык аскерлер Рамади шаарында ишемби күнү минага кабылып, беш жоокер набыт болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG