Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

АКСЫЛЫКТАР ПРЕЗИДЕНТТИ ЧАКЫРУУДА

  • Ырысбай Абдыраимов

Аксы аймагынын жашоочуларынын Азимбек Бекназаровдун башкы прокурорлук кызматтан алынгандыгына байланыштуу нааразылыгы басыла элек. Алар андан сырткары президент Курманбек Бакиевдин Аксыга келүүсү менен Карасуу базарындагы окуяларды адилет иликтенүүсүн талап кылышууда.

Жекшемби күнү Аксынын Акжол айылында райондун тоо бөлүгүнө караштуу беш айыл өкмөтүнүн эли жыйын курду. А.Бекназаровду коргоо комитетинин мүчөсү Кубанычбек Маматкеримовдун билдирүүсүнө караганда, алар бийликтин алдына мурда коюлган сегиз талаптын аткарылбаганына нааразы. Жыйында президент К.Бакиевдин Аксыга келип, А.Бекназаровдун кызматтан четтетилишин түшүндүрүп берүү, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиевдин кызматтан кетүүсү менен Карасуу базарындагы окуяларды адилеттүүлүк менен териштирүү жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерлерине кысым жасабоо талаптары коюлган. Мындай талап 28-сентябрда Кербенде өткөн митингде да коюлган болчу. Бирок, алардын бирөө да аткарылган жок, - деди Кубанычбек Маматкеримов.

Ардагер Келсинбек Жунусалиев бийликтин мурдагыдай эле иштегенин белгилеп, А. Бекназаровдон кызматтан алынуусун сыналгы аркылуу түшүндүрүүнү өтүндү:

- Бекназаровдун күнөөсү барбы, жокпу сурайлы, эл билсин. Ушуну билип туруп, анан бир кадам шилтейли алдыга.

Райондун башка бир тургуну Абдыкайым Төлөнбаевдин пикиринде, азыр коррупция экс-президент А. Акаевдин маалындагыдан күчтүү:

- Коррупция деген нерсе качан токтолот. Кайда барбасаң коррупция. Азыр коррупция мурдагы Акаевдин учуруна караганда күндөн күнгө күчөп баратат.

Көпчүлүктүн оюнда, башкы прокуратура Карасуу базарындагы жана депутат Б.Эркинбаевди өлтүргөндөрдү таба албайт:

- Бекназаров өзү баштаган ишти аягына чыгарыш керек. Жаңы прокурор Табалдиевдин сөзүн уктук, көрдүк. Эгер Табалдиев турса Акаевдердин иши да жабылат, Жунусовду аткандар да, Баяманды өлтүргөндөр да табылбайт.

Коомчулук үчүн А. Бекназаровдун кызматтан алынышы коопсуздук кеңешинде каралбаганы түшүнүксүз, ошондуктан президент кечирим суроосу тийиш:

- Президент теле аркылуу расмий түрдө Бекназаров мыйзамсыз алынып калган экен деп кечирим сурасын.

Курманбек Бакиевдин Аксыга келүүсү менен А. Бекназаровдун башкы прокурорлукка иштөөсүн талап кылгандар көп:

- Бакиевдин күнөөсү бар, Акаевге окшоп элден качып атат. Биз күтөбүз, чындык, акыйкат үчүн күрөшөбүз. Бакиев келсин, ошону талап кылабыз.

- Азимбектин камчысын өзүнө берсин, кандай мыйзамсыз алсаңар, ошондой мыйзамсыз ордуна коюп койгула.

Буга чейин А. Бекназаров элди кызмат талашпоого чакырган:

- Эртең биздин балдарыбыздын келечеги оң болушун, социалдык-экономикалык акыбалыбызга, турмушубуз оңолсун деп күрөшөлү. Ал эми кандайдыр бир кызматты талашканыбыз уят болот.

Губернатор Жусупжан Жээнбеков элдин талабын өлкө башчысына жеткирерин билдирген:

- Туура эмес болуп калды. Хан сөзүнөн артка кайтпайт. Азимбек туура айтты, убакыт бергиле деп, бизге убакыт бериңиздер эми айланайындар. Биз 15 жыл талкаланганды 15 күндө, же бир айда туругузуп кетишибиз өтө оор.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG