Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

ИРАКТАГЫ РЕФЕРЕНДУМДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГА ЭЛЕК


Иракта ишембиде өткөн референдумдун жыйынтыктары чыга элек. АКШнын жана Ирактын ырасмий өкүлдөрү добуш берүү жалпысынан жакшы өткөнүн белгилешип, калктын активдүүлүгүнө коомуту толгонун айтып жатышат. Добуштардын натыйжасы кандай болорун так айткандан тайсалдашып, алар ошол эле учурда конституциянын долбоору элдин колдоосунан өткөн шекилдүү дегендей аярланган кыязда турушат.

Ырасмий, бирок болжолдуу маалыматтарга ылайык, ишемби күнү жалпы шайлоочулардын 63 проценти добуш берди. Алардын канчасы конституциянын долбоорун колдоп, канчасы каршы чыкканы азырынча белгисиз. Ирак өкмөтүнүн өкүлү Лэйт Кубба референдумдун жыйынтыгы кандай болгон күндө да ал баары бир алдыга жаңы милдеттерди койгон бурулуш учур болорун белгиледи. Иракта калктын пикири бир топ эле жиктелип турганын моюнга алып, Кубба муну чоң үй-бүлөдөгү абалга салыштырды. Эгер ким бирөө нааразы болуп турса, аларды бир чамгарак астына баш коштуруу кыйын боло, деп кошумчалады ал.

АКШ президенти Жорж Бушту баарыдан мурда референдум мурдагы саясий өнөктүккө караганда кыйла коогасыз өткөнү курсант кылды. Ирактан келген кабарларда айтылгандай, мурдагы шайлоого салыштырганда бу жолу куралдуу жоболоңдор аз болгону мени алымсындырды, деп айтты Буш. Муну ал ирактыктардын, коопсуздук күчтөрүнүн жана коалициянын ийгилиги иретинде баалап, алардын баары Иракта демократия уюткулансын үчүн колдон келген бүт чараларды жасап жатканын белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс конституциянын долбоору элдин колдоосунан өткөн сыяктанат кыязын билдирди. Эгер ал чын эле өткөн болсо, анда бул демократиянын түптөлгөнү, кокус ал тигил же бу себептерден улам колдоого алынбай калса, бу да демократиянын түп алганы, деп айтты Райс. Иракта чечүүчү добушкер саналган сүннүлөрдүн өкүлдөрү референдумга көп келгенине басым жасап, Райс муну менен алар өз партияларын демократиялык процесске кошконун, демек, ирак калкы кандай болгон күндө да бул багытта алга илгерилегенге мүмкүндүк алганын белгиледи. Райс ошол эле учурда Иракта кооп-козголоң али басылбай турганын да жашырбады.

Референдумдун жалпы жыйынтыгы алдыдагы күндөрдө айкын болот. Эгер он сегиз провинциянын ичинен үчөөндө эле документке калктын үчтөн эки бөлүгү каршы болсо, анда ал күчүнө кирбейт. Эл аралык байкоочулар мындай натыйжа болбойт, деп жоромолдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG