Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Кол чогултууга башка партиялар да кошулууда


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясынан сырткары «Жаңы Кыргызстан» партиясы да парламентти таратуу боюнча учурда атуулдардын колун топтой баштады. Бул тууралуу «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош обласы боюнча координатору Керим Макеев «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, учурда аталган партиянын өкүлдөрү тарабынан 20 миңден ашуун атуулдун колу топтолду. «Жаңы Кыргызстан» партиясына учурдагы президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыков, билим берүү министри Досбол Нур уулу, коргоо министри Исмаил Исаков жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү мүчө. Партия төрагасы Досбол Нур уулу ушул эле күнү «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош областындагы өкүлчүлүгүнүн жогорудагыдай аракетин билбей тургандыгын маалымдады. Ал эми «Эркиндик» партиясынын төрагасынын орун басары Адыл Касымов кол чогултуу Досбол Нур уулу менен макулдашылгандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG