Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Кол тийбестикти алып салууга депутаттар каршы


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттарына кол тийбестиктин кереги жок, эл үчүн таза иштеген адам эчтекеден коркпойт. Мындай пикирин Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бийликке акаарат айткан депутаттар куугунтукталгыдай мурунку режим азыр жок. 13-октябрдагы Конституциялык кеңешменин жыйынында президент Курманбек Бакиев депутаттардан жана президент, премьер-министрден кол тийбестик укугун алып салуу керек, деп билдирген. Бирок буга Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары каршы. Спикер Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, учурда Кыргызстанда депутат же саясатчы болуу өтө опурталдуу. Төраганынын пикиринде, бийликке сын пикир айткан депутаттарга ого бетер коркунуч пайда болот. Ал Аскар Акаевдин тушунда да кол тийбестик алынып салгандан кийин Азимбек Бекназаров камалып, Данияр Үсөновго кылмыш иши козголгон деп эскертет.

XS
SM
MD
LG