Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

УЮТКУ КЛЕТКАЛАРДЫ ӨСТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ ЫКМАСЫ АЧЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы жылдарда өнүккөн мамлекеттерде айрым оор илдеттерди айыктыруу үчүн адамдын түйүлдүгүнөн алынган уютку клеткалар колдонулуп келет, бирок айрым саясатчылар, окумуштуулар жана диний ишмерлер андай изилдөөлөргө катуу каршы. Жаңы изилдөөлөр боюнча болсо, андай уютку клеткаларды түйүлдүккө зыян тийгизбестен өстүрүү мүмкүн.

Адамдын түйүлдүгү пайда болгондон кийин анын клеткалары бөлүнгөндө алты күн бою уютку гана клеткалар пайда болот - алар кийин гана тери, сөөк же булчуң клеткаларына айланат. Ошол алты күндүн ичинде ал уютку клеткаларды алып колдонсо, аларды лабораторияда да өстүрүп сөөк же булчуңга айландырса болот. Мындай ыкмалар дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринде 1990-жылдардын аягында пайда болгон жана азыр - медицинанын эң өнүгүп келаткан тармактарынын бири.

Бирок уютку клеткаларды ооруну айыктырууга колдонуу мурда эле башталган, анткени андай клеткалар бойго жеткен адамдын сөөк чучугунда да чектелүү санда сакталат. Адам кайсы бир жараат алганда, дал ошол уютку клеткалар майып болгон жерге кан менен жетип, булчуң же териге айланып, жараатты айыктырат. Бирок сөөк чучукка операция жасап, уютку клеткаларды алуу - өтө татаал жана кооптуу нерсе. Адам карыган сайын болсо, анын сөөк чучугундагы уютку клеткалардын мүмкүнчүлүктөрү дагы азаят.

Мындай ыкма - акыркы 20 жылда айрым кан жана нерв ооруларын айыктырууда, инфаркттын айынан өлгөн жүрөк булчуңдарын алмаштырууда, рак оорусуна каршы да пайдаланыла баштаган, ал эми акыркы алты-жети жылда андай изилдөөлөр үчүн түйүлдүктүн биринчи күндөркү клеткалары колдонулууда.

Бирок айрым окумуштуулар, саясатчылар жана өзгөчө диний ишмерлер ага каршы чыгып, түйүлдүктүн клеткаларын алып андан дары жасоо - адамды өлтүргөнгө барабар деп каршылык көрсөтүүдө, канча күн жашагандан кийин түйүлдүктү тирүү жан деп эсептеш керек деген да маселе толук чечиле элек.

"Вашингтон пост" гезити 17-октябрда жазып чыкканга караганда болсо, АКШнын Массачусетс штатынын Кембридж шаарындагы Уайтлэнд институтунун илимпоздору Александер Майсснер менен Рудольф Жэниш жакында жаңы эксперимент өткөрүп, түйүлдүктөн жаңы ыкма менен уютку клетка өстүрүп чыкты. Ал үчүн чычкандын түйүлдүгүнүн клеткасына ошондой эле чычкандын тери клеткасынан бир ген киргизилгенде, ал уютку клетка бойдон калды жана кадимки түйүлдүк болуп өсүп чыккан жок.

Ошол эле гезиттин жазышынча, ошол эле Массачусетс штатындагы башка лабораторияда иштеген Роберт Ланца деген илимпоз дагы бир ийгиликтүү эксперимет өткөрдү. Сегиз гана клеткадан турган чычкандын жаш түйүлдүгүнөн ал бир клетканы бөлүп алып, аны өзүнчө өстүрүп, көптөгөн уютку клеткаларга айландырды. Калган жети клеткалык түйүлдүк болсо эч зыянсыз кадимки өнүгүүсүн улантууда.

Эгер бул эки эксперимент ийгиликтүү кайра кайталанып, түйүлдүккө зыян тийгизбеген ыкма менен уютку клеткаларды өстүрүү мүмкүн болуп чыкса жана аны кийин адамга колдонуу да мүмкүн болсо, көптөгөн маселелер чечилиши ыктымал.
XS
SM
MD
LG