Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

ОШТО ЖАҢЫ БИЙЛИККЕ НААРАЗЫ БОЛГОНДОР МИТИНГ ӨТКӨРҮШТҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 17-октябрда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдында «Ата мекен коркунучта!» деген ураандын астында митинг болуп өттү. Анын катышуучулары коррупция менен күрөшүүдө жана кылмыштуулуктун бетин ачууда жаңы бийлик өкүлдөрү алсыздыгын көрсөтүп жатат деп жаңы өкмөттү айыпташты. Митингчилердин алдына чыгып сүйлөгөн облустун жетекчилиги алардын койгон талаптары жана айыптоолору негизсиз экенин билдирди.

Алгач Ош шаардык мэриясынын алдына чогулушкан жүзгө жакын коомдук бирикмелердин жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү колдоруна тартипти жана мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды көтөрүп алышып Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдына келишти. Митингде чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү бийлик органдарында азаят деген сайын паракорчулук, жердешчилик көбөйүп жатат деген пикирлерин билдиришти:

- Баягы эле Акаевдин куйругун, баягы эле Акаевдин музыкасын ойногондор келди. Биз революция кылдык, эмне жыйынтык чыкты?. Бир нерсе өзгөртө алдыкбы? Жок, өзгөртө алган жокпуз, кайра артка кетти. Бензин да, шыйпыр да, цемент да кымбаттап, быйыл карапайым калк үй сала албай калды. Ушуну чечип койсо болбойт беле? – дейт “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин активисти Талант Касиев.

Митингчилердин айрымдары 19-мартта эл тарабынан шайланган облустун жетекчилери эл ишенимин актаган жок деген ойлорун айтып өтүштү:

- Ысыкка күйүп, жамгыр жааса сууга малынып отуруп, өзүбүз Анвар Артыковдy, Кушубак Тезекбаев, Мирадил Бакашовду шайлап койдук эле элге кызмат кылат деп. Элге эч убакта кызмат кылган жок. Алты ай күттүк, – деген пикирин билдирди Токтобай Tөрөгелдиев.

Митингчилердин алдына чыгып сүйлөгөн облустун губернаторунун орунбасары Мирадил Бакашов алардын атына айтылып жаткан айыптоолор негизсиз жана бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгын ичине камтыйт деген оюн ортого салды:

- Карапайым элдин талабын, үмүтүн актайлы деген максат менен бизди эл шайлап койгон. Жок, биз муну аткара албайбызбы өз убагында кетип калгандан да коркпойбуз. Биздин максат кресло эмес, биздин максат - элдин жашоо турмушун оңдоо.

Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Анвар Артыков облуста алты айдын ичинде сезилерлик эле жылыштар болгондугун мындайча кыйытты:

- 6-7 айдан бери жаңы бийлик эмне кылып койду деген суроого жооп берип кетейин. Эң биринчи жыйынтыгы, мына келип каалаган сөздү эч кимден коркпой сүйлөп атасыздар, бул биринчи жеңишибиз. Мен боломбу, менин орунбасарым болобу менин алдыма киргенге мүмкүнчүлүгү бар кишини кабыл албай койгон жокмун бүгүнкү күндө.

Митингдин аягында анын катышуучулары мамлекет жетекчилигине жана жалпы эле коомчулукка төмөндөгүдөй мазмундагы кайрылуу жолдошту:

- Элдик бийликтин башындагы эр азаматтарыбызга, калайык калкка “Ата журт коркунучта!” деп ачуу ураан менен кайрылууга аргасыз болдук.

Кайрылууну “Мыйзамдуулукту коргоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Абдыкайып Кангелдиев окуп берди.

Митингге жогоруда аталган бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн сырткары колдоруна СССРдин туусун көтөрүшкөн Кыргызстан колммунисттик партиясынын жергиликтүү мүчөлөрү да катышышты.

XS
SM
MD
LG