Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

НАЛЬЧИКТЕГИ КОЛ САЛУУНУ ШАМИЛ БАСАЕВ БАШКАРГАН


Чечен козголоңчуларынын командири Шамил Басаев өткөн аптада Нальчикте болгон кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Басаев соңку жылдары Орусияда болгон бир катар террордук чабуулдарды биз уюштурдук деп төш кагып келатат. Бирок Кабардин-Балкардын башкалаасы Нальчикти дүрбөлөңгө салып, 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алган кол салууларды аткаргандардын көбү жергиликтүү тургундар болгону бир катар булактар тарабынан ырасталды.

Нальчиктеги чабуулдар, аларды уюштуруу ыкмасы – былтыр Ингушетиянын борбору Назрандагы окуяларды эске салат. Анда да кандуу капсалаң үчүн күнөөнү Басаев өз мойнуна алган, бирок аткаруучулардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү жашоочулар болуп чыккан.

Орусия канчалык аскердик күч, техника, курал-жарак алып барып, катаал көзөмөл жүргүзүп жатканын айтканы менен, куралдуу кагылыштар Чеченстан, Дагестан, Түндүк Осетия, Ингушетияны аралап өтүп, эми салыштырмалуу тынч аймак саналган Кабардин-Балкарга да жетти.

Шамил Басаев www.kavkazcenter.com Интернет-сайтында жарыяланган маалыматында Нальчикке кол салган согушкерлердин көбү жантаслим кылынганын операция тууралуу орус чалгынчылары алдын-ала билип калып, алардын жолун тоскону менен түшүндүрөт. Чеченстандык саясат таануучу Шамил Бино анын пикирине кошулат:

-Алар бир-бирден колго түшүп калгандан көрө чогуусу менен чабуул коюну эп көргөн өңдөнөт. Бул чабуул жөнүндө алдын-ала билгендиктен, өкмөттүк күчтөр аларды кыска убакыт ичинде бас-басты кылышты. Анын үстүнө булар согуштарга катышпаган, атайын үйрөтүлбөгөн жөнөкөй адамдар болгон болуу керек.


“Азаттыктын” Түндүк Кавказ кызматынын жетекчиси Аслан Дукаев Кабардин-Балкардыктар бул ирет полициянын орой, ырайымсыз мамилесине каршылык билдирип курал көтөрүп чыккан болушу мүмкүн деген пикирде:

-Кабардин-Балкарияда полициянын ырайымсыздыгы өрчүп кеткен. Абакка түшүп калган киши аман кутулбайт. Былтыр декабрь айында да куралчан адамдар тобу баңгизаттарга каршы бөлүмгө кол салышкан. Менимче, бул полицияга каршы чабуул.

Эң соңку ырасмий маалыматтар боюнча, Нальчиктеги атышууларда 91 согушкер, күч органдарынын 33 кызматкери жана 12 жергиликтүү тургун курман болушту. Дагы 36 согушкер камакка алынды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG