Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Кыргызстандын парламенттик делегациясы Женевада


БИШКЕК. Ушул күндөрү Кыргызстандын парламенттик делегациясы Женева шаарында өтүп жаткан Парламенттер аралык Кеңешинин 113-сессиясынын ишине катышууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, депутаттар Жантөрө Сатыбалдиев, Карганбек Самаков, Исхак Масалиев жана Сайдилла Нышанов Парламенттер аралык асамблеянын демократия жана адам укуктары, туруктуу өнүгүү, тынчтык жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча комитеттеринин ишине катышышты. Кыргыз делегациясы Парламенттер аралык ассамблеясынын баш катчысы менен, ошондой эле Түркиянын, Индонезиянын жана башка өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү. Тараптар өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды жакшыртуу маселеси боюнча пикир алышышты. Бул тууралуу 18-октябрда тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG