Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

ЕККУнун өкүлү Бишкекке келди


БИШКЕК. 18-октябрда Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун улуттук азчылыктар боюнча өкүлү Рольф Экеус келди. Эки күндүк иш сапары учурунда Экеус тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, андан сырткары улуттук азчылыктардын өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Рольф Экеус Ош облусунда да болот жана ал жерде да улуттук азчылыктардын өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG