Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Түштүк Кореядан жабдык келди


БИШКЕК. Түштүк Кореядан Кыргызстанга паспорт жасоочу жабдык келип түштү. Бул тууралуу 18-августта Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш боюнча улуттук агенттиктен кабарлашты. Мурда маалымдалгандай, агенттик ноябрь айында жаңы жабдуулар менен ID карталарды, ал эми жаңы жылдан баштап паспортторду чыгара баштоону пландаштырууда. ID карталардын баасы 60 сомдун, ал эми паспорттордун баасы 500 сомдон ашуун болоору болжолдонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG