Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Башкаруу системасы боюнча жардык чыкты


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев мамлекеттик башкаруу органдарынын структарасын өркүндөтүү боюнча жардыкка кол койду. Ага ылайык, өкмөттүн курамы 13 министрлик, эки мамлекеттик комитеттен куралат. Өкмөт алдында 9 мамлекеттик агенттик жана төрт мамлекеттик инспекция иштемекчи. Алардын арасында салык, бажы, энергетика боюнча инспекциялар бар. Президент жардыгына ылайык, өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү, эл аралык интеграция министрликтери жана туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет жойулду. Ошондой эле дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өкмөттүн аппаратына өткөрүлүп берилди. Жардык президенттин маалымат кызматы тарабынан 18-октябрда таратылды.

XS
SM
MD
LG